19-апрель күнү “Жалалабатэлектро” ачык акционердик коомунда  акционерлердин жылдык жалпы жыйыны болуп өттү.  Күн тартибинде 14 маселе каралды. Жаңы директорлор кеңеши бекитилди.

1. Козубаев Эралы Исмаилович

2. Есенбаева Бакыт Усенбековна

3. Токольдошев Нурбек Канатбекович

 

Жаңы текшерүүчү комиссиянын курамы да бекитилди

 

1.Шайлообек уулу Нурбек

2. Астапаев Кубанычбек Муратбекович

3. Сыдыгалиев Ильгиз Манатбекович

 

Күн тартибинде каралган 14 маселенин тизмеси

  1. Эсептөө комиссиясынын курамы жөнүндө;
  2. Коомдун 2017-жылдагы финансы-чарбалык ишмердигинин жыйынтыгы боюнча Башкы дирекциянын отчету жөнүндө;
  3. Коомдун 2017-жылдагы бюджетинин аткарылышы боюнча Башкы дирекциянын отчету жөнүндө;
  4. Коомдун көз карандысыз аудиторунун 2017-жыл боюнча корутундусу жөнүндө;
  5. Текшерүү комиссиясынын корутундусу жөнүндө;
  6. Коомдун жылдык балансы, 2017-жылдагы кирешелер менен чыгашалардын эсеби жөнүндө;
  7. 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча Коомдун кирешелерин бөлүштүрүүнүн тартиби жөнүндө;
  8. Коомдун 2018-жылга бюджети жөнүндө;
  9. 2018-жылга Коомдун көз карандысыз аудиторун жана анын кызматы үчүн сый акынын өлчөмү жөнүндө;
  10. Коомдун жаңы редакциядагы Уставын бекитүү жөнүндө;
  11. “Коомдун Директорлор кеңеши жөнүндө” Жобого өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүү;
  12. “Коомдун  Генералдык директорлору жөнүндө” Жобого өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүү;
  13. Коомдун Директорлор кеңешинин курамы жөнүндө;
  14. Коомдун Текшерүү комиссиясынын курамы жөнүндө.