Токтогул районуна караштуу 22 чакырым “Үч-Терек-Өзгөрүш” аба чубалгысы жогорку өткөрүмдүүлүктөгү аба чубалгыга алмаштырылып жатат.  Ас 50 аба чубалгылар АС 90 кубаттуулуктагы аба чубалгыларга алмаштырылууда. Аталган аба чубалгы 1969-жылы курулгандыктан эскилиги жетип, күз-кыш айларына авариялык абалды жаратчуу. Үч-Терек, Кызыл-Ураан, Жетиген, Өзгөрүш айылдарын аралап өтөт, аталган айылдарда 4474 абонент бар. Жалпы 4 бригада Токтогул, Исбаскент, Ала-Бука район электр тармактарынын жана “Жалалабатэлектро” ачык акционердик коомунун жогорку чыңалуудагы жабдууларды тейлөө кызматынын адистери иш жүргүзүп жатышат.  Жалпы 20дан ашуун кызматкер жана 5 техника тартылган. Жумуш аягына чыккан соң электр энергиясынын техникалык жоготуулары азайып, кыш айларындагы авариялык өчүүлөр кыскарат. Бүгүнкү күндө жумуштун 70 пайызы бүтүп калды