35/10 “Өзгөрүш” көмөк чордонунан 4 фидер бөлүнүп чыгат, жалпысынан 2170 абонент электр жарыгын алат. “Жалалабатэлектро” ачык акционердик коомунун тиешелүү кызматкерлери аталган көмөк чордондо жайгашкан трансформаторду алып чыгып, тазалоо жумуштарын бүтүрүштү. Мындан сырткары авариялык өчүүлөрдүн алдын алуу, релелик алеттердин иштөө тартибин текшерүү жумуштарын алып барышты.КРУН-6 жана Т-1 трансформаторунун ток өткөрүмдүүлүктөрүн текшерүү жана ячейкаларын сыноодон өткөрүү жумуштары да кошумча аткарылды. Андан тышкары Токтогул районунун Ак-Жар айылындагы эскилиги жеткен электр мамычалар жаңы бетон электр мамычаларга алмаштырылды