“Жалалабатэлектро” ачык акционердик коому Сузак район электр тармактар ишканасынын Кара-Дарыя участкасындагы кызматкерлерине имарат салуу үчүн тендер жарыялаган. “Кен-Тимур” жоопкерчилиги чектелген коому утуп алып, курулуш ишин баштады. Бүгүн “Жалалабатэлектро” ачык акционердик коомунун башкы деректиринин 1-орун басары Азамат Паизов жана жергиликтүү бийлик капсула салып, пайдубалынын түптөлүшүнө катышышты. Кара-Дарыя участкасында жалпы 11 кызматкер эмгектенет, бүгүнкү күнгө чейин ар имаратты ижарага алып, ишмердүүлүктөрүн улантышууда.  Жумуш ыргагын жеңилдетүү жана иштегенге ыңгайлуу шарт түзүп берүү үчүн Сузак районуна эки участкалык имарат салуу жыл башынан пландалган. Экинчи имарат Барпы айылына курулат. Ал эми Кара-Дарыя   участканын карамагында 2500 абонент бар. Салынып жаткан имарат жалпысынан 10 бөлмөдөн турат. Курулуп бүтүп пайдаланууга берилгенде,  Сузак район электр тармактар ишканасынын жана Сузак электр энергия сатуу ишканасынын адистери иш алып барат.