“Жалалабатэлектро” ачык акционердик коому үстүбүздөгү жылы 5 обьектинин курулуш иштерин аягына чыгарып, пайдаланууга берет. Кызматкерлердин жумуш ыргагын  жеңилдетүү жана иштегенге ыңгайлуу шарт жаратып берүү үчүн Сузак районунун Кара-Дарыя, Барпы жана Ноокен районунун Сакалды айылына атайын участкалык бөлүмдөрдүн кызматкерлери үчүн имарат куруп жатышат. Заман талабына жооп берген, зарыл жабдуулар менен камсыздалган имараттардын курулуш иши кызуу жүрүп жатат. Кара-Дарыя айылындагы имараттын үстү жабылып, бүгүнкү күндө эшик-терезелери коюлууда. Ал эми Ноокен районунун Сакалды участкалык бөлүмүнүн курулуш иштери уланууда. Бул кезге чейин аталган участкалык бөлүмдүн адистери ар имарттарды ижарага алып иштеп келишкен болсо, айрымдары вагондо жумуштарын улантышып келишкен. Мындай көйгөйлөр 2019-жылы токтотулат. Анткени компания өз каражатынын эсебинен куруп жаткан имараттар толугу менен бүткөрүлүп, пайдаланууга берилет.

      Мындан сырткары Базар-Коргон районуна темир-бетон электр мамыларын чыгара турган атайын цех курулуп жатат. Куруу жумуштарын тендерден утуп алган “СК Лидер” жоопкерчилиги чектелген коому алып барууда. Цехтин ичинде эки атайын калып жайгашат. Анда бир жасаганда эки электр мамылары бетондон куюлат. Бир күндө 20-30 даана электр мамылары даяр болушу божомолдонууда.  Учурда иш кызуу жүрүп жатат, үстүбүздөгү жылы толук курулуп бүтүп пайдаланууга берилет.
 

    Ошондой эле, “Жалалабатэлектро” ачык акционердик коомунун борбордук бөлүгүнө электр жабдуулары, техникалары тура турган кампанын курулуш иштери дагы башталды. Ушул жылы беш обьектинин курулуштары аяктайт.