Бүгүн,  “Жалалабатэлектро” ачык акционердик коомунда  акционерлердин жылдык жалпы жыйыны болуп өттү.  Күн тартибинде 14 маселе каралды, жыйынтыгында директорлор кеңешинин курамы өзгөртүлдү

1. Садыков Рустам Гусейнович

2. Есенбаева Бакыт Усенбековна

3. Тургунов Рустамбек Юсупович

 

Жаңы текшерүүчү комиссиянын курамы да бекитилди

1. Сыдыгалиев Ильгиз Манатбекович

2. Акжолов Рустам Маматразакович

3. Байсымаков Мирлан Маликжоомартович

 

Күн тартибинде каралган 14 маселенин тизмеси

  1. Эсептөө комиссиясынын курамын бекитүү тууралуу.
  2. 2018-жыл боюнча коомдун каржы-чарбалык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча башкы дирекциянын отчету тууралуу.
  3. 2018-жыл боюнча Коомдун көз карандысыз аудиторунун корутундусу жөнүндө.
  4. 2018-жыл боюнча Коомдун Текшерүү комиссиясынын корутундусу жөнүндө.
  5. 2018-жылдагы Коомдун бюджетинин аткарылышы тууралуу башкы дирекциянын отчёту тууралуу.
  6. 2018-жыл боюнча Коомдун киреше жана чыгашаларынын эсеби, жылдык балансы жөнүндө.
  7. 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча Коомдун кирешелерин бөлүштүрүүнүн тартиби жөнүндө.
  8. 2018-жыл боюнча Директорлор кеңешинин өздөрүнүн иштеринин отчёту тууралуу.
  9. 2019-жылга Коомдун жылдык бюджети жөнүндө.
  10. Коомдун Уставына өзгөртүү киргизүү жөнүндө.
  11. Коомдун Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө.
  12. Коомдун Директорлор кеңешинин мүчөлөрүн шайлоо тууралуу.
  13. Коомдун Текшерүү комиссиясынын мүчөлөрүнүн укутарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө.
  14. Коомдун Текшерүү комиссиясынын мүчөлөрүн шайлоо тууралуу.