“Жалалабатэлектро” ачык акционердик коому сегиз жылдан бери  район электр тармактар ишканаларынын ортосунда спорттун  футбол, волейбол, жеңил атлетика жана аркан тартышмай түрлөрү  боюнча мелдеш өткөрүп келет. Быйыл дагы кезектеги спорттук мелдеш дем алыш күнү өткөрүлдү. Ага “Жалалабатэлектро” ачык акционердик коомунун 8 район электр тармактар ишканасы жана 2 бөлүмүнүн кызматкерлери катышты. Спорттук оюн жогорку деңгээлде жана атаандаштыкта өттү. Оюндун эрежелерин так сактоо үчүн мелдеш башталгандан бүткөнгө чейин калыстыкты  Жалал-Абад областтык футбол федерациясынын мүчөлөрү колго алышты. Төмөндө жеңүүчүлөрдүн тизмесин сунуштайбыз.

Футбол боюнча:

1-орун      Кара-Көл район электр тармактар ишканасынын кызматкерлери

2-орун      Жогорку чыңалуудагы жабдууларды пайдалануу кызматынын

                  кызматкерлери

3-орун      Сузак электр энергиясын сатуу ишканасынын кызматкерлери

Волейбол боюнча:

1-орун    Ала-Бука район электр тармактар ишканасынын кызматкерлери

2-орун    Аксы район электр тармактар ишканасынын кызматкерлери

3-орун    Базар-Коргон район электр тармактар ишканасынын кызматкерлери

Аялдар арасында чуркоо боюнча:

1-орун     Базар-Коргон район электр тармактар ишканасынын кызматкери

2-орун     “Жалалабатэлектро” ААКнын  кызматкери

3-орун    “Жалалабатэлектро” ААКнын  кызматкери

Жетекчилер арасында чуркоо боюнча:

1-орун    “ЖАЭ” ААКнын Күзөт бөлүмүнүн башчысы

2-орун     Майлуу-Суу район электр тармактар ишканасынын башчысы

3-орун    “ЖАЭ” ААКнын Жабдууларды пайдалануу, оңдоо жана тейлөө башкармалыгынын башчысы

Аркан тартышмай оюну боюнча:

1-орун      Базар-Коргон район электр тармактар ишканасы

2-орун      Аксы район электр тармактар ишканасы

3-орун         «Жалалабатэлектро» ачык акционердик коомунун

        Административдик-башкаруу кызматкерлери

Жеңүүчүлөр кубок, диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.