«Ачык эшиктер күнүнө» областтагы жогорку жана орто окуу жайдын студенттери келишти.  Алгач жыйындар залында «Электрэнергиясын үнөмдүү пайдалануу» темасында сабактар өтүлүп  атайын даярдалган видео тасмалар сунушталды. Күндүн экинчи жарымында электр түйүндөрүнө саякат уюштурулуп,  Жалал-Абад шаарынын 30 пайызын электр жарыгы менен камсыз кылган 35/6 кВ  «Ключевая» көмөк чордонунун абалы, иштөө тартиби тааныштырылды. Студенттер теорияны канчалык көп окуганы менен практика жүзүндө көрүү өзгөчө таасир калтырганын айтышты. Кызыккан суроолоруна жооп алып, өткөрүлгөн «Ачык эшиктер күнүн» жыл сайын өткөрүлүп турса пайда болоорун белгилешти.