Сүрөт сынагына 1500дөн ашуун мектеп окуучулары катышты.

Бул сынакка область боюнча 1500дөн ашуун окуучу катышты.

Иликтөөлөрдүн жыйынтыгында колдонулган электр энергиянын 62 пайызы үй-тиричилигине жумшалат. Ошондуктан электр энергияны сарамжалдуу пайдалануу үчүн ар бир жаран үйдөн баштоого тийиш. Сынактын катышуучулары ушул багытта сүрөттөрүн жөнөтүшкөн. Түзүлгөн комиссия сүрөттөрдүн ичинен мыктыларын тандап алып, 1, 2, 3-орундарды ыйгарды. Андан сырткары активдүү катышып, көп сүрөттүн ичинен тандалган 27 сүрөттүн авторлоруна атайын кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылды. Ал эми эссе жазуу боюнча 120 окуучу катышкан болсо, ичинен 15 эссе мыкты деп табылып, 1, 2, 3-орундар аныкталды. Сыйлыктарды тапшыруу 25-май Акыркы коңгуроо аземине туш келип, салтанаттуу жыйында тапшырылды.

                                   Сүрөт боюнча жеңүүчүлөр

1-орун Кулматова Сезимай - Ала-Бука районуна караштуу А.Тураббаев атындагы мектептин 5-классынын окуучусу,  10 000 сом менен сыйланды.

2-орун Тургуналиев Ырысбек - Ала-Бука районуна караштуу №17 А. Жуманазаров атындагы орто мектебинин  5-классынын окуучусу 7 000 сом менен сыйланды

3-орун Исмаил кызы Шайыргүл - Базар-Коргон районуна караштуу №18 А. Тагаев атындагы мектептин 11-классынын окуучусу 5 000 сом менен сыйланды.

Эссе боюнча сынактын жеңүүчүлөрү

1-орун  Яхёжок кызы Эзозы - Базар-Коргон районундагы №1 А. С. Макаренко гимназия мектебинин 9-классынын окуучусу

2-орун  Сансызбаев Нурислам  Чаткал районундагы  С. Мырзалиев мектебинин 5-классынын окуучусу

3-орун  Кеңешова Зарина № 6 Б. Осмонов атындагы гимназия мектебинин 7-классынын окуучусу