Кыргыз Республикасы боюнча өткөрүлүп жаткан «Вместе Ярче-Кыргызстан» аталыштагы фестиваль эми Жалал-Абад жергесинде. «Жалалабатэлектро» ачык акционердик коому бул фестивалды өткөрүү үчүн «Ачык эшиктер күнүн», «Сүрөт көргөзмө», «Студенттер жана окуучулар үчүн экскурсия» жана мектеп окуучулары үчүн «Электр энергиясын үнөмдөө» темасында сүрөт жана «Бүгүн электр жарыгын үнөмдөсөк, эртең табиятты сактайбыз» аталыштагы эссе жазууга область боюнча сынак жарыялады.