Бүгүн, Ысык-Көл облусуна караштуу Кара-Кол шаарында «Лучшая бригада распределительных сетей» аталышындагы республикалык мелдеш старт алды. Мелдешке «Жалалабатэлектро» ААК, «Северэлектро» ААК, «Ошэлектро» ААК, «Востокэлектро» ачык акционердик коомдорунун кызматкерлери катышышат. Катышуучулар жалпы 8 этап боюнча күч сынашат.

1. ТЭЭ, ТКО, ОКЭ жана нормативдик-техникалык документтер боюнча «Акоп-Эксперт» программасын пайдаланып билимин текшерүү

2. а) Шарттуу түрдө ГКТП-10/0,4 кВде электр тогуна түшкөн адамды (манекенди) бошотуу

          б) «Максим-3» манекен-тренажорду пайдаланып жабыркаган адамга дарыгерге чейинки жардам көрсөтүү

       3. Гидроподъемникти пайдаланып турак-жайды 0,4 кВ аба чубалгысына алгачкы жолу улоо

       4. Гидроподъемникти пайдаланып 10 кВ ажыраткачын техникалык жактан тейлөө. Корзинанын макетин жерде пайдаланып жумуш аткаруу.

        5. ТП -10 /0,4 кВ башкы 0,4 кВ ажыраткычын алмаштыруу, шинадагы изоляциянын каршылыгын өлчөө

        6. 0,4 кВ тармагындагы «Фаза-Нөль» тутумундагы фазалык чукул туташтыруудагы каршылыкты өлчөө

        7. 10 кВ аба чубалгысы менен кесилишкен, 0,4 кВ аба чубалгысында ачык зымды алмаштыруу, аба чубалгысынын өлчөмүн ченөө.

        8. КТП-10/0,4 кВдагы өрттү өчүрүү

Электр тармактарынын мыкты бригадасы     

Бул мелдеш аркылуу кызматкерлер тажрыйбаларын арттыруу, ыкчам аракеттерин күчөтүү жана ишке болгон жөндөмдүүлүктөрүн жогорулатуу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болушат. Мелдеш 14-июнь күнү жыйынтыкталат.