Калкты үзгүлтүксүз сапаттуу электр жарыгы менен камсыздоо энергетиктердин башкы милдети. Мындан улам «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ачык акционердик коомунун № 48-П буйругунун негизинде атайын комиссия эки күндөн бери «Жалалабатэлектро» ААКнын күз-кыш айларына карата даярдыктарын жеринде текшерүүдө. Ошону менен катар Жалал-Абад, Сузак, Базар-Коргон жана Ноокен район электр тармактар ишканаларынын:

  1. Жумуштарды наряд жана буйруктар боюнча каттоо журналы
  2. 2019-жылдын капиталдык курулуш жана келбеттөө иш пландары менен таанышуу
  3. Район электр тармактарынын электр тарамдарынын мнемосхемасы менен таанышуу жана оперативдүү схемасына шайкеш келишин текшерүү

Аталган журналдардын тууралыгын, иреттүүлүгүн жана иш алып баруу тартиптери текшерүүгө алынды. Капиталдык курулуштардын мерчемделиши жана аткарылышы, трансформаторлордун, аба чубалгылардын оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүшүнүн талапка жооп берерин жеринен барып көрүштү. Учурда Таш-Көмүр район электр тармактар ишканасынын күз-кыш айларына карата камылгаларын текшерип жатышат. Эртең калган ишканалар текшерүүдөн өтөт.