2019-жылдын 1-январына калктын электр энергиясына болгон дебитордук карызы 64 675,8 миң болсо, ушул эле жылдын 1-июнь күнүнө 58 575,6 миң сомго кыскарды. Тактап айтканда 6 млн сомго же 9,1 % төмөндөдү. Ал эми нормативдик жоготуу план боюнча 108 723, 5 миң кВтс  берилген болсо, 6 ай ичинде 106 587,9 миң кВтс иштетилип, 2 135,7 миң кВтс электр энергиясын сарамжалдуу пайдалана алдык. Өкмөт нормативдик жоготууну 12,5 пайызга төмөндөтүүнү тапшырма берген, «Жалалабатэлектро» ачык акционердик коому 12,3 пайызга кыскартты.