«Жалалабатэлектро» ачык акционердик коомунда акционерлердин кезексиз жыйыны болуп өттү

Бүгүн, «Жалалабатэлектро» ачык акционердик коомунда акционерлердин кезексиз жыйыны болду.  Аталган жыйынга «Улуттук Энергетикалык Холдинг Компаниясы”  ААКнын төрагасынын орун басары Бакыт Есенбаева, “Жалалабатэлектро” ААКнын башкы директору Дурусбек Рахманов жана кызматкерлер менен бирге акционерлер катышты.  Күн тартибинде алты маселе каралды.

  1. Эсептөө комиссиясынын курамын бекитүү тууралуу;
  2. Коомдун 2019-жылдагы бюджетине өзгөртүү киргизүү;
  3. Коомдун Уставына өзгөртүү киргизүү жөнүндө;
  4. Директорлор кеңешинин  жобосуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө;
  5. Коомдун Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө;
  6. Коомдун Директорлор кеңешинин мүчөлөрүн шайлоо тууралуу.

Жыйынтыгында, «Жалалабатэлектро» ААКнын Директорлор кеңеши шайланып, курамы 5 адамдан болуп өзгөртүлдү

  1. Есенбаева Бакыт Усенбековна
  2. Суеркулов Эркин Сулейманович
  3. Төрөкулов Бектур
  4. Тургунов Рустамбек Юсупович
  5. Сатаров Аскербек