Жыйындар өтүп, маанилүү маселелер каралган актовый зал бүгүн наристелердин кубанычына толду. Жаңы жылдык “Балаты” майрамына кызматкерлердин жаш балдары келди. Алар ар түрдүү жаныбарлардын элеси түшүрүлгөн кийимдерди, ак көйнөк, айтор өзгөчө жасанып келишкен. Балдардын жүздөрүндөгү кубаныч майрамдын шаңын арттырды. Аяз атанын сыйкыр таягы, арчанын кооз жасалгасы, атайын даярдалган өзгөчө белектер жаш наристелерге сүйүнүч тартуулады.