Бүгүн, Бишкек шаарындагы «Кабар» маалымат агенттигинде Улуттук энергохолдинг компаниясынын төрагасы Айтмамат Назаров , «Жалалабатэлектро», «Түндүк электро», «Ош электро» жана «Чыгыш электро» ачык акционердик коомунун башкы директорлору маалымат жыйын өткөрүштү.

Төрага Айтмамат Назаров, өткөн жылда аткарылган жумуштар менен 2020-жылга коюлган иш-мерчемдер тууралуу маалымат берди. «Үстүбүздөгү жыл региондорду өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы» деп жарыялангандыктан, биздин энергетика кызматкерлери аймактарга өзгөчө көнүл буруп, керектөөчүлөрдү акылдуу электр эсептегичтер менен камсыздоо маселесине өзгөчө басым жасай турганын билдирди.

Жалал-Абад облусуна караштуу Жазы-Кечүү айылынын тургундарын электр энергиясы менен камсыздоо маселеси үстүбүздөгү  жылы ишке ашаары жана Базар-Коргон районунда темир бетон электр мамычаларды чыгаруучу цех пайдаланууга берилери тууралуу айтты. Эки саатка созулган маалымат жыйын суроо-жооп менен улантылды.