“Шекафтар-Терек-Сай” 35 кВ аба чубалгысынын 5 километри бүгүнкү күндө кайрадан калыбына келтирилип бүттү. Аталган аба чубалгысынын курулганына 50 жыл болгондуктан, электр мамычалар авариялык абалда турган. “Жалалабатэлектро” Ачык Акционердик Коомунун жогорку чыңалуудагы электр жабдууларын тейлөө кызматынын адистери 21 даана бетон электр мамычаларды алмаштырып, 5 даана металл опорасын куруу иштерин аягына чыгарды. Жалпы 45 километр, анын ичинен өткөн жылы 2 километри кайрадан калыбына келтирилген, быйылкы 2017-жылга  5 километрин реконструкция кылуу планга киргизилген.  “Шекафтар-Терек-Сай” 35 кВ аба чубалгысы 1967-жылы курулган