Жыл сайын жаңы конуштар пайда болуп, абоненттердин саны өскөн сайын трансформаторлор кошумча кубаттуулукка муктаж болууда. “Жалалабатэлектро”  ачык акционердик коомунун жогорку чыңалуудагы электр жабдууларын  тейлөө кызматынын  адистери  Ноокен районуна караштуу 35/10 кв “Рахманжан” көмөк чордонундагы 4000 кВА трансформатордун ордуна жогорку кубаттуулуктагы 6300 кВА трансформаторун орнотушту.  Аталган көмөк чордондон  Рахманжан айыл өкмөтүндөгү жети айылдын эли электр энергия алат, тактап айтканда 2076 абонент бар.  Эми “Рахманжан” көмөк чордонундагы 4000 кВА трансформатор Базар-Коргон районуна караштуу 35/10 кВ “Арсланбап” көмөк чордонундагы 2500 кВА кубаттуулуктагы трансформатордун ордуна коюлат.