Интервью

 

"Жалалабатэлектро" ачык акционердик коомунун башкы деректири К. Маматканов "turmush" маалымат агенттигине берген маеги  (29.11.2018)

Turmush -  Жогорку бийлик өкүлдөрү кайсыл гана аймактарга барып эл менен жолугушпасын карапайым калк сөзсүз түрдө энергетика тармагына байланышкан көйгөйлөрдөн кеп козгойт. Башкача айтканда, жаңы конуштарга электр энергиясы жетпей жаткандыгы, мамылардын эскилиги жеткендиги сыяктуу маселелер айтылат. Өз өкүмүн сүрө баштаган кыш камылгасына байланышкан суроолор да арбын. Аймактык кабарчы «Жалалабатэлектро» ачык акционердик коомунун башкы деректору Маматканов Кеңешбек Апсалиевичти кепке тартты.   
- Кенешбек Апcалиевич, алгач кыш камылгасы боюнча кеп козгосок. Аба ырайы кескин өзгөргөндө, электр жарыгы үзгүлтүккө учурап, эл ичинде нааразычылыктар жаралууда. Себеби эмнеде?

- Биз күз-кыш мезгилдерине ар дайым жыл бою даярдык көрөбүз. Жылдын башында атайын иш-мерчемин түзүп, эрте жаздан баштап авариялык өчүүлөрдүн алдын алуу максатында бардык электр түйүндөрү ондоп-түзөөдөн өткөрүлөт. Быйыл да бизде бир катар жумуштар жүрдү.

Кыш мезгилинде авариялык өчүүлөрдү кыскартып, электр энергиясына болгон техникалык жоготууларды азайтуу максатында өз мөөнөтүн өтөп бүткөн авариялык абалдагы «Шекафтар-Терек-Сай» 35 кВ аба чубалгысынын 2 чакырымы калыбына келтирилди. Ушул кезге чейин 7 чакырымы кайрадан калыбына келтирилген эле. 35 кВ «Избаскент-Камалдин» аба чубалгысында 12 мамы жана «Избаскент-Восточный» аба чубалгысында 2 мамы, бардыгы болуп жогорку чыңалуудагы 14 мамы СК-22 тибиндеги мамыларга алмаштырылды. Ал эми капиталдык салым боюнча Токтогул районуна караштуу 22 чакырым «Үч-Терек-Өзгөрүш» жана Ноокен районунун аймагындагы 35 кВ «Избаскент- Рахманжан» аба чубалгысынын зымдарынын 8 чакырымы өткөрүмдүүлүгү жогору зымдарга алмаштырылды. Аталган чубалгылар 1969-жылдары курулгандыктан, эскилиги эбак жетип, күз-кыш мезгилдеринде авариялык абалды жаратып турчу.

Жогорку 35 кВ чыңалуудагы 12 темир мамылар жуулуп-тазаланып, сырдалып, калыбына келтирилди. Көмөк чордондордогу эски 34 даана 10 кВ чыңалуудагы май өчүргүчтөрүн жаңы заманбап вакуумдук өчүргүчтөргө алмаштырдык, жылдын аягына чейин алмаштырууну 45 даанага жеткиребиз деп турабыз. Жыл сайын кардарлардын саны өскөндүктөн, жогорку кубаттуулуктагы жаңы 33 даана трансформаторлорду орноттук. Мына ушул сыяктуу иштер жүрдү. Негизинен кышка даярдык аягына чыгып калды десек болот.

Ал эми аба ырайы кескин өзгөргөндө, электр жарыгы көп үзгүлтүккө учурап, эл ичинде нааразычылык жаралган учурлар боюнча айта кетсек, күз мезгилинде жалбырактар толук түшүп бүтө элек учурда кар жаап койгону бизге дайыма кыйынчылыктарды жаратып келет. Себеби, биздин карамагыбыздагы аба чубалгылардын корук чеги 2 метр гана аралыкты камтыйт. 2 метрден ары бизге бак-дарактарды кыйганга уруксат берилбейт. Кар оор жааган учурларда 2 метрден ары жактагы бак-дарактардын шагы сынып, аба чубалгыларды басып калган учурлар көп болуп, авариялык өчүүлөр да көп катталат.

- Үстүбүздөгү жылы электр мамычаларды алмаштыруу жумуштары көп жүрдү. Дагы бул жаатта кандай аракеттер көрүлүп жатат. Сиздердин мекемеге таандык канча электр мамычасы бар?

- Калкты сапаттуу үзгүлтүксүз электр жарыгы менен камсыздоо үчүн биздин компания жыл сайын эскилиги жеткен жыгач электр мамычаларды бетон мамычаларга алмаштырып келебиз. Бүгүнкү күнгө карата бизге таандык 6-10-0,4 кВ аба электр чубалгыларында 183868 даана мамылар бар, анын ичинен 16941 даанасынын эскилиги жеткен деп катталган болсо, ар жылы алмаштыруу иштери мерчемдештирилет. Мисалы, 2014-жылы 400 даана, 2015-жылы 500 даана, 2016-жылы 900 даана, 2017-жылы 1900 даана электр мамычалар алмаштырылган болсо, үстүбүздөгү жылдын 10 айында 2526 даана абалы талапка жооп бербеген жыгач мамычалар алмаштырылды. Кийинки жылы бул көрсөткүч мындан дагы көбөйөт деген ишеничтебиз, анткени биздин компания Базар-Коргон районуна электр мамычасын чыгара турган атайын цехтин курулушун баштаганы турабыз. 2019-жылы курулуш иштери бүтүп пайдаланууга берилет.

- Эл менен жолугушкан учурларда социалдык объектилердеги силерге өтө элек трансформаторлорду баланска өткөрүп берүү маселеси көтөрүлүп келет. Токтогул районунда да айрым объектилерге өзүңүз да күбө болгонсуз. Ушул маселелер кандай болуп жатат?

- Бүгүнкү күндө социалдык объектилерде жайгашкан электр жабдууларды (КТП, ТП, ГКТП) бюджеттик мекемелер өзүлөрү тейлей албагандыктан, биздин баланска өткөрүү боюнча көп кайрылышат. Кайсы гана мекеме-ишкана болбосун бизге кайрылса, атайын комиссия түзөбүз. Комиссиянын курамы жеринде электр жабдууларынын техникалык абалын жана иш кагаздарын иликтеп чыгышып, чечим кабыл алышат.

Өкмөттүн 2017-жылдын 24-ноябрдагы №773 токтомунда Турак жай объекттеринин турмуш-тиричилигин камсыз кылуучу инженердик тармактарды, аларды эксплуатациялоону жүзөгө ашыруучу уюмдарга объектини эксплуатациялоого кабыл алуу актысынын негизинде акысыз өткөрүп берүүнүн тартиби бекитилген.

1. Курулуп пайдаланууга берилген инженердик тармактар мамлекеттик же муниципалдык менчикте болушу керек.

2. Объектини эксплуатациялоого кабыл алуу актысы жана уруксат берүүчү иш кагаздары болуу керек (Шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан берилген инженердик-техникалык шарттары; долбоору; жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын КТП(ТП) жана электр чубалгы мамычаларын орнотуу үчүн жер аянттарын ажыратып берүү жөнүндө токтому; электр энергиясы менен жабдуу боюнча техникалык шарттар; трансформатордун паспорту; кошуу үчүн мамэкотехникалык инспекцияга берилген документтердин жана кошуу нарядынын көчүрмөлөрү, ж.б.у.с.).

Учурда айрым объектилер биздин баланска өттү. Ал эми сиз айтып жаткан Токтогул району боюнча бизге жергиликтүү бийлик жана Токтогул районунун «Атайын эсеби» мамлекеттик ишканасы кайрылуу жөнөтүшкөн. Бул боюнча бизде комиссия курамы бекитилип, учурда комиссия иш алып барып жатат.

- Жаңы конуштарга электр энергиясын жеткирүү зарылдыгы күч десе болот. Бул багытта кандай жумуштар жүрүп жатат?

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №1373-XII 1994-жылдын 11-январындагы «Шаар куруу жана архитектура жөнүндөгү» мыйзамынын (2014-жылдын 18-июлундагы өзгөртүлүп толукталган) 16-беренесинде «Аймакты инженердик даярдоо боюнча бардык иштер аяктаганга чейин, инженердик камсыз кылуу жана транспорттун жалпы системасынын айрым бөлүктөрүнүн кадимкидей иштеши үчүн зарыл болгон участокко келүүчү жолдорду салуу, магистралдык-инженердик тармактарды жайгаштыруу боюнча иштер аяктаганга чейин бөлүнгөн участокто шаар куруу комплексин курууну баштоого жол берилбейт» деп көрсөтүлгөн.

Ушул мыйзамдын 20-беренесинин негизинде жаңы конуштарды электрлештирүү, жаңы электр аба чубалгыларын куруу жергиликтүү бийлик органдарынын бюджеттери тарабынан комплекстүү түрдө чечилип, биздин компаниянын карамагына өткөрүлүп берилүүгө тийиш.

Бирок ошого карабастан, жаңы конуштарды электрлештирүү жумуштарында электр жабдыктары жергиликтүү бийлик тарабынан камсыз кылып берилген учурларда куруу жумуштарына жардам берип жатабыз.

- Электр энергиясына болгон калктын, мекеме-ишканалардын дебитордук карыздарын жоюу максатында кандай иш-мерчемдер алып барылууда?

- Бүгүнкү күндө дебитордук карыздардын жалпы суммасы 105 806,6 сомду түзөт. Анын ичинен калктын карызы 64 529,3 сом. Өкмөттүн 2018-жылдын 22-майында чыгарган №249 токтомунда калктын карызын 20 пайызга кыскартуу тапшырмасы коюлган. Биз 21,2 пайызга кыскартканга жетиштик. Өткөн жылдарга салыштырмалуу калктын төлөмдөрү өз убагында төлөнүп жатат. Ал эми өнбөгөн эски карыздардын үстүнөн иш алып барып жатабыз.

- Сузакта трансформаторлорду калыбына келтирүү цехи кеңейтилип ишке берилген. Натыйжа берип жатабы?

- Иштен чыккан трансформаторлорду кайрадан калыбына келтирүү цехинде айына 10-15 даанага чейин трансформаторлор оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт. Үстүбүздөгү жылы 120 даана трансформатор кайрадан калыбына келтирилди. Мындан тышкары, бул ишканада трансформаторлордун майларын тазалап иштетүүгө жана трансформаторлордон чыккан жараксыз ором зымдарын кайрадан жаңылап иштетүүгө шарттар түзүлгөн. 2018-жылы 1 тоннадан ашык жараксыз ором зымдарды жаңыладык. Өзүбүздө цех иштеп жаткандыктан компаниянын акча каражаттарын үнөмдөгөнгө жетиштик.
- Ар бир эле тармакта кызматкерлерге шарт жаратуу үчүн түрдүү багытта иш алып барылууда. Сиздерде кызматкерлерге кандай колдоолор болууда?

- Эң биринчиден жумушчуларга иштеген жерлерине шарт жаратып берүү үчүн имарттарды оңдоп-түзөөдөн өткөрдүк, Аксы райондук электр тармактар ишканасына жаңы заман талабына ылайык, зарыл болгон жабдуулар менен камсыздалган имарат куруп бердик. Бүгүнкү күндө Сузак районунда эки участкалык бөлүмдүн курулуш иштери башталды. Кара-Дарыя айылындагы курулуштун капсуласы салынып, пайдубалы түптөлүп, учурда иш жүрүп жатат.

- Социалдык тармактарда энергетиктер айлык маяналарын убагында албай жатканы боюнча нараазычылыктар айтылып жатты. Азыр абал жөнгө салындыбы?

- Бул маселе жайында эмгек өргүүгө кызматкерлер көп чыккан учурда келип чыккан. Анткени жай мезгилинде керектөө азайып, акча түшүү солгундайт. Бүгүнкү күндө абал жөнгө салынды. Учурда сентябрь айынын айлык маянасы берилди. Ал эми октябрь айынын айлыгын бергени жатабыз.

- Өзбекстан аркылуу өткөн электр чубалгыларынын көчүрүлгөнү алгылыктуу иштердин бири болду окшойт. Электр жарыгы жете элек Кызыл-Бейит айылынын жашоочуларына күндөн энергия алуучу аппараттар акысыз орнотулду. Энергетика тармагын жакшыртуу үчүн алдыга коюлган пландарыныздарга да токтоло кетсениз.

- Ооба, союз маалында курулуп, коңшу Өзбекстандын аймагы аркылуу өткөн электр аба чубалгыларынын тилкелери толугу менен Кыргызстандын аймагына куруу улантылууда. Учурда акыркы болуп курулган «Караван-Анашев» 35 кВ аба электр чубалгысынын 5 чакырымын ишке киргизүү боюнча жумуштар жүргүзүлүүдө.

Ал эми энергетика тармагын жакшыртуу үчүн алдыга коюлган пландарга токтоло турган болсом, алдыда 6-10 кВ вакуумдук өчүргүчтөрүн орнотууну 2019-жылы да улантабыз, ошону менен бирге келерки жылы 2 даана 35 кВ чыңалуудагы вакуумдук өчүргүчтөрдү алмаштырууну да пландап жатабыз. «Шекафтар-Терек-Сай» 35 кВ аба чубалгысынын 9 чакырымы бүгүнкү күнгө кайрадан калыбына келтирилди. 2019-жылы да аталган аба электр чубалгынын 7 чакырымын калыбына келтирүү жумуштары улантылат. Темир-бетон мамыларын чыгаруучу цехи ишке киргизилет. Андан сырткары 35/10 кВ «Жаңы-Дыйкан» көмөк чордонунун курулушу башталат.

Быйылкы жылы курулушу башталган Сузак жана Ноокен район электр тармактарынын 3 участкалык бөлүмү ишке берилет. Мына ушул сыяктуу максаттарды коюп жатабыз.

Маектешкен Жумагул Шайыкова

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
https://jalal-abad-t.turmush.kg/news:356162

"Жалалабатэлектро" ачык акционердик коомунун башкы деректири К. Маматканов "Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитине берген маеги  (29.11.2018)

Электр менен камсыздоодо кубаттуулукту көбөйтүү үстүндө иштеп жатабыз”         (30.01.2018)

“Жалалабатэлектро” ААКсынын башкы директору Кеңешбек Маматканов

Б.Турдалиева: Кеңешбек Апсалиевич, калктын жашоо-турмушу жана элчарбасы үчүн электр энергиясынын орду чоң. Сиздердин бүт иш-аракетиңер электр энергиясына болгон керектөөнү камсыз кылууга багытталган эмеспи. Мына ушул иште өткөн жылды кандай жыйынтыктадыңыздар жана эмнелерди аткарууга жетише алдыңар?

К. Маматканов: Электр энергиясы менен камсыздоо менен катар эле, аны үнөмдүү пайдаланууну да унутта калтырбообуз зарыл. 2017-жылы биз облуста электр энергиясын керектөөнү болжолдонгон көлөмдөн 2, 39 млн кВт/саатка аз пайдаланылып, берилген лимитти үнөмдөгөнгө жетиштик. Электр орнотмолорун капиталдык жана утурумдук оңдоолордон өткөрүү иштери 100,1%га аткарылды.

Капиталдык салым жана кайра келбеттөө жумуштары жөнүндө айтсам, 43 даана кошумча трансформатордук пункуттары жана 44,34 км электр чубалгылары курулду. 85 даана ашыкча жүк келип иштеп жаткан трансформатордук пункттардагы трансформаторлор кубаттуулугу жогору трансформаторлорго алмаштырылды. Ошондой эле аба электр чубалгыларында кайра келбеттөө жумуштары аткарылды.

Жыл ичинде жогорудагы жүргүзүлгөн жумуштардын негизинде  6-10 кВ электр орнотмолорунда авариялык өчүүлөр 2016-жылга салыштырмалуу 145 өчүүлөргө кыскарды.

2017-2018-жылдардагы күз-кыш мезгилинде иштөөгө даярдоо максатында 35/10 кВ “Бекен”, “Благовещенка”, “Сакалды”, “Ленинская” жана “Рахманжан” көмөк чордондорунда бардыгы болуп 9 даана эскилиги жеткен чыңалуу трансформаторлору жаңы ишенимдүү иштөөгө сапаты жакшыртылган трансформаторлорго; 35/6-10 кВ төрт көмөк чордондорунун 6-10 кВ ячейкалардагы 21 даана эски май өчүргүчтөрү заманбап вакуумдук өчүргүчтөргө алмаштырылды.

  Жогорку чыңалуудагы 35 кВ “Тайгараев”, “Благовещенка”, “Арсланбап” жана “Ленинская” көмөк чордондорундагы ашыкча жүк келип иштеп жаткан трансформаторлорду кубаттуулугу жогору трансформаторлорго алмаштырылды, ал эми “Рахманжан” көмөк чордонунда 4000 кВА трансформатордун ордуна жаңы  6300 кВА трансформатор орнотулду. ВЛ-35 кВ Шекафтар-Терек-Сай аба электр чубалгысына СК-22 маркадагы 21 даана жана У-35 маркадагы 5 даана таянычтар орнотулуп 5,0 км тилкеси реконструкцияланды.  Аксы райондук электр тармактар ишканасынын имараты жаңыланды. Заманбап имарат эки кабат болуп салынып, зарыл болгон бардык жабдуулар менен камсыздалды. 1960-жылдары курулган имарат авариялык абалга келип, такыр эле эскилиги жетип, бөлмөлөр жетишсиз эле. Жаңы имаратты “Жалалабатэлектро” ачык акционердик коому өз каражатынын эсебинен курду.  Тейлөөнү талаптагыдай уюштуруу максатында өз каражатыбызга 5 даана унаа сатып алдык. Унаалар тоолуу аймактарда жайгашкан район электр тармактарына берилип, оңдоо жумуштарын ыкчам аткарууга кошумча шарт түзүлдү.

Б. Турдалиева:  Трансформаторлорду алмаштырууда жана кубаттуулугун жогорулатууда көп иштер жасалган экен. Алар өзүңүздөрдүн ишканада эле жасалып жатабы?

К. Маматканов:  Ооба иштен чыккан трансформаторлорду кайрадан калыбына келтирүү цехинде айына 15 даанага чейин трансформаторлор оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, жылына 180 трансформатор кайрадан калыбына келтирилет. 2017-жылы 172 даана трансформаторлорду оңдоп-түзөөдөн өткөрдүк. Ошону менен бирге бул ишканада трансформаторлордун майларын тазалап иштетүүгө жана трансформаторлордон чыккан жараксыз ором зымдарын кайрадан жаңылоого шарттар бар. Ал эми өткөн жылы аталган цех кеңейтилди. Адистер ага чейин 6-10/0,4 кВ чыңалуудагы трансформаторлорду гана оңдоп-түзөөдөн өткөрүп келишкен болсо, кеңейтилген жаңы имаратта 35/10-6 кВ чыңалуудагы трансформаторлорду кайрадан калыбына келтирүү жумуштарын алып барышат.  Мурун 35/10-6 кВ чыңалуудагы трансформаторлорду калыбына келтирүү иштери Бишкек жана Ош шаарларында гана ишке ашчу. Мындан тышкары быйылкы 2018-жылы Базар-Коргон РЭТинин аймагында темир бетондон мамыча жасала турган цех курууну мерчемдеп жатабыз.

Б. Турдалиева: Электр тармагында техникалык жоготууларды азайтуу актуалдуу маселелердин бири. Бул багытта эмне чараларды көрүп жатасыздар?

К. Маматканов:  Техникалык коромжуларды жана электр энергиясын уурдоону кыскартуу үчүн эски индукциялык электр эсептегичтерди жаңы заман талабына ылайык электрондук электр эсептегичтерге алмаштырып, таянычтан эсептегичке чейинки аралыктагы кирги зымдары көрүнүп тургандай кылып үйлөрдүн сыртына жайгаштыруу жумуштары жүрүп жатат. 2017-жылга 18 000 абоненттин электр эсептегичин алмаштыруу планга коюлган болсо, иш жүзүндө 18 228 электрондук эсептегич сыртка чыгарылды. Тактап айтканда 101% аткарылды.  2018-жылы дагы 14 000 абоненттин электрондук эсептегичтерин алмаштыруу пландалууда.  Андан тышкары аба чубалгылардын зымдарын кесилиш аянттары жогору зымдарга, 6-10/0,4 кВ трансформатордук пунктардагы күч келип иштеп жаткан трансформаторлорду кубаттуулугу жогору трансформаторлорго алмаштыруу, ошондой эле узун аба чубалгыларын бөлүү жолу кыскартуу жумуштары техникалык коромжуну азайтууга таасирин берүүдө.

Б. Турдалиева: Акылдуу эсептегичтер  өзүн актап жатабы?

К. Маматканов: Акылдуу электр эсептегичтерди орнотуу жумуштары “Жалалабатэлектро” ачык акционердик коомунда 2015-жылдан бери пилоттук негизде ишке ашып келет. Абоненттер үчүн дагы, көзөмөлдөөчү кассирлер үчүн дагы бул ыңгайлуу жана бир топ артыкчылыктарга ээ. Электр энергиянын жоготууларын жоюу жана иш мүнөзүн жеңилдетүү максатын көздөйт.  Текшерүүчүнүн кызматын жокко чыгарган бул аппарат уруксат берилген кубаттуулуктан ашыкча колдонсо автоматтык түрдө жарыкты өчүрөт. Өткөн 2017-жылы 722 даана акылдуу электр эсептегичтер орнотулду. Бүгүнкү күндө область боюнча жалпы 3804 даана акылдуу электр эсептегичтер орнотулган, ал эми быйылкы жылга 16500 даана эсептегич орнотууну пландап жатабыз. Жалал-Абад шаарына, Сузак, Базар-Коргон, Ноокен райондоруна орнотулат.

Б. Турдалиева: Кеңешбек Апсалиевич, Өкмөт бардык тармакта калкка кызмат көрсөтүүнүн заманбап жолдорун ишке киргизүү боюнча ири долбоорлорду сунуш кылууда. Бул багытта сиздерде эмне жаңылыктар бар?

К. Маматканов: Өткөн жылы дагы бир чоң жетишкендик болду. Бул Жалал-Абад шаарында Жалал-Абад шаардык электр энергия сатуу ишканасынын алдында  “Кардарларды тейлөө борбору” ачылып  ишке кирди. Бир эле учурда бир бөлмөдө  6 адис абоненттер үчүн кызмат кылышат. 2 оператор, 2 кассир, 1 админстратор жана 1 жаңы абоненттерди кириштөө боюнча атайын адис иш алып барууда. 2017-жылдын 3-ноябрь күнү ачылып, эки ай аралыгында 611 абонент кайрылган. Өзгөчө күз-кыш мезгилдеринде төлөмдөрдү кабыл алуучу жайларда кезекке тургандардын саны кыскарып, тейлөө жагы алда канча ыкчам болууга өттү. Бир маселе менен келгендер ар адиске барып чуркабай, барын бир жерден бүтүрүүгө мүмкүнчүлүктөр каралган. Кардарларга кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу үчүн компаниянын өзүндө “Бирдиктүү терезе” бөлүмү бар, ал жерде  абоненттер үчүн 149 кыска номердеги атайын ишеним телефону иштейт. Мындан тышкары  биздин веб сайтта электрондук кабылдама бар, ал жерге абоненттер үйлөрүндө отуруп алып эле, өздөрүн кызыктырган суроолоруна жооп алыш үчүн кат жолдошсо болот.

Б. Турдалиева: Мына жаңы жыл башатында турабыз. Бул жылга кандай иш-план, максаттарды коюп жатасыздар?

К. Маматканов:  Жаңырган жылы дагы алдыбызга чоң максаттарды койдук. Эң башкысы калкты үзгүлтүксүз сапаттуу электр энергия менен камсыз кылуу. Андан тышкары тейлөө кызматкерлери үчүн 3 имарат куруу алдында турабыз. Имараттар Сузак районуна караштуу Барпы айыл өкмөтүнүн аймагында Сузак район электр тармактарынын Барпы бөлүмү, Ноокен районуна караштуу Сакалды айыл өкмөтүнүн аймагында Ноокен район электр тармактарынын Сакалды бөлүмү жана Избаскент айылынын аймагында Жогорку чыңалуудагы электр жабдууларын тейлөө кызматынын Избаскент бөлүмдөрү үчүн курулат. Ошону менен катар 2018-жылы жалпысынан 35 кВ 29 чакырым аба чубалгысын кайра келбеттөө иштери жүрөт. Булар “Шекафтар-Терек-Сай”, “Избаскент-Восточная”, “Исбаскент-Камалдин” 35 кВ аба чубалгылары, ал эми “Үч-Терек-Өзгөрүш” 35 кВ аба чубалгысынын зымдары кесилиш аянты жогору зымдарга алмаштырылат. Мындан тышкары 6-10/0,4 кВ 46 даана  трансформаторлордун кубаттуулугун жогорулатуу жумуштары дагы жүрөт. Андан сырткары 6-10/0,4 кВ 32 даана трансформаторлорду орнотобуз.

Маектешкен “Эркин Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин кабарчысы Бегим Турдалиева

"Жалалабатэлектро" ачык акционердик коомунун башкы деректири К. Маматканов "Акыйкат" коомдук саясий гезитине берген маеги (06.02.2017)

6 - Февраля 2017 | 5 : 521159

Кыш учуру электр тармагы үчүн бир топ эле машакаттуу болору белгилүү. Андыктан бул багыттагы жалпы жагдайлар боюнча маалымат алалы деп, “Жалалабатэлектро”Ачык Акционердик Коомунун башкы директору Кеңешбек Апсалиевич Маматкановду маекке тарттык.

 

- Жыл башы негизинен өткөн жылдын натыйжаларына саресеп салып, жаңы жылга максаттарды болжолдоо учуру болот эмеспи. Анысы сыңарындай сөз башын ошондон баштасак деп турабыз. Айтсаңыз, былтыркы 2016-жылды кандай жыйынтыктадыңыздар?

- Негизинен бир топ эле иштерибизди, жылды жакшы жыйынтыктар менен аяктадык окшойт. Айтсак, электр жабдыктарын капиталдык жана утурумдук оңдоо иштери 110 % га аткарылды. Анын ичинен: капиталдык оңдоо 108 % га; утурумдук оңдоо 113 %га аткарылды. Жыл башынан бери он эки ай ичинде биздин коомго 1 445 297,9 миң кВтс электр энергиясы алынган. Нормативдик жоготуунун планы 12,5% берилсе 12,67%га аткарылды, тактап айтканда мерчемделген пландан 0,12% ашыкча жоготууга жол берилди. Жалпы жоготуу 12,67% ордуна өткөн 2015-жылы 14,62% болгон. Пайдалуу(полезный отпуск) мерчеми жалпысынан 1 263 820,3 миң кВтс болсо 1 262 085,8 миң кВтс керектөөчүлөргө чегерилип 100%га аткарылды. Товардык өндүрүү- 1 559 381,9 миң сом мерчемделсе 1 571 727,3 миң сом кардарлардан өндүрүлүп 101% аткардык. Мунун ичинен калктан 702 716,3 миң сом өндүрүлүп берилген план 102% аткарылды.

- Учурда кыш өз өкүмүн көрсөтүп жатат, Жалал-Абад элине электр энергия үзгүлтүксүз берилип жатабы? Негизи элге даярдыктар кандай көрүлгөн?

- Күз-кыш мезгилине даярдыктар жакшы. Жалал-Абад элине электр энергия үзгүлтүксүз эле берилип жатат. Жылдагыдай эле мерчем боюнча электр жабдыктарына капиталдык жана утурумдук ондоо иштери жакшы жүргүзүлгөн десек болчудай.

-Электр мамычалар, трансформатор, деги эле электр жабдыктарынын абалы кандай, жылдан жылга жаңыланып жатабы?

- Албетте жаңыланып жатат. Эскилиги жетип, же канааттандырарлык абалда эмес электр жабдыктарын жаңылоо жана алмаштыруу иштери “Жалалабатэлектро” ААКнын реконструкциялоо иш пландарынын негизинде жүргүзүлөт. 2016-жылдын ичинде электр жабдыктарына болгон капиталдык салым жана реконструкциялоо жумуштары: 6-10/0,4 кВ аба чубалгыларын куруу пландалган 10 км ордуна 17,77 км курулуп, башкача айтканда 177,7 % га кошумча 6-10/0,4 кВ көмөкчү чордондорду куруу пландалган 20 даананын ордуна 27 даанага курулуп, 135 % га күч келип иштеп жаткан көмөкчү чордондорду жогорку кубаттуулуктагы трансформаторго алмаштыруу пландалган 19 даананын ордуна 50 даана трансформатор алмаштырылып, 263,2 % га 6-10/0,4 кВ аба чубалгыларын реконструкциялоо жумуштары боюнча пландалган 40,0 км ордуна 40,76 км орундалып, 102 % га аткарылды.

-Эскилиги жетип, абалы начарлаган трансформатор, же бир электр жабдыктарына тиешелүү тетиктерди калыбына келтирүү жумуштары кандай жүрүүдө? Атайын цехтерди уюштурууга компаниянын өзүндө мүмкүнчүлүк каралганбы?

- Сузак РЭТи базасында трансформаторлорду калыбына келтирүүчү цехи иштеп жатат. Жалал-Абад облусу боюнча бардык иштен чыккан трансформаторлор ушул цехте түзөтүлөт. Жалал-Абад РЭТи базасында механикалык цех уюштурулган. Керектелүүчү электр тетиктерин ушул цехте жасайбыз.

-Буга чейин белгилүү болгондой коңшу мамлекеттер менен чектеш жашаган айылдарда электр линиялары Өзбек Республикасынын аймагында жайгашып келген, сиздер тарабынан да бир топ жумуштар жүргөнүн дагы билебиз. Бүгүнкү күндө жогорудагыдай аймактар калган жокпу?

- 2016-жылы 35кВ “Шекафтар-Ажек” фидеринин Кыргызстан бөлүмчөсүнүн (отпайка) аба чубалгысында реконструкциялоо иштери жүргүзүлүп, 5,57 км аба-чубалгысы Өзбек Республикасынын аймагынан чыгарылып, 14,589 миллион сомдук жумуш аткарылды. Азыркы күндө 35 кВ “Караван – Анашева”, “Избаскент – Бүргөндү” жана “Избаскент –Кокон-Кишлак” аба чубалгыларынын, жалпы 5 км Өзбекстан Республикасынын аймагында турат. Бул боюнча да жумуштарды жүргүзүп жатабыз.

- Жылдан жылга элдин саны өсүп аны менен катар жаңы конуштар дагы пайда болууда. Көпчүлүк элде ушундай суроо туулуп келет, жаңы конуштарга трансформаторду ким коюшу керек? Жергиликтүү бийликпи, же электр компанияларбы?

- Жаңы конуштардын инженердик-техникалык жана транспорттук инфраструктура булактары менен камсыздоо түздөн-түз жергиликтүү бийлик органдарынын бюджеттери тарабынан комплекстүү түрдө чечилүүгө тийиш. Ал (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №1373-XII 1994-жылдын 11-январында чыккан «Шаар куруу жана архитектура жөнүндө» Мыйзамынын 20-беренесинин 2014-жылдын 18-июлундагы өзгөртүүлөрү жана толуктоолорунун негизинде аткарылуусу керек. Учурда керектелүүчү электр жабдууларын сатып алуу (камсыз кылуу) маселеси жергиликтүү бийлик тарабынан чечилгенде, куруу иштерине мүмкүн болушунча жардам берип жатабыз.

- Көйгөй бул дебитордук карыз. Элдин жана мекеме-ишканалардагы карыздарды өндүрүү жумуштарына токтолсоңуз, кандай жөндөлүүдө?

- Карыздар жыл башына 198 016,8 миң сомду түзсө 01.01.2017-жылга 174 004,1 миң сомду түзүп 12,1%га, мунун ичинен калктын карызы жыл башында 132 560,8 миң сом болсо он эки ай ичинде 107 114,8 миң сом болуп, 19,2%га кыскарды. Тактап айтканда, жыл башынан калктын карызы жалпысынан 25 446 миң сомго кыскартылды. Салыштырып кетсек дебитордук карыздар 2015-жылы 12 айда жалпысынан 1% кыскарса, калктын карызы 1%га, же 1 290,1 сомго өскөн. Жыл жыйынтыгы менен электр энергиясын сатуудагы жалпы пландык көрсөткүчтөрдү толугу менен аткарылды. Учурда ай сайын элге чегерилген электр энергияга болгон төлөмдү толугу менен 100%га чогултулуп эски карыздарды кыскартуу боюнча жумуштарды алып барып жатабыз. Негизинен элдин 95-96% өз убагында төлөсө 4-5% гана керектөөчүлөр убагында төлөй алышпайт. Буларды пенсионерлер, мүмкүнчүлүгү чектелген социалдык абалы төмөн жарандар түзүүдө. Мындан сырткары мыйзамды сыйлабаган жарандар дагы жок эмес.

-Сиздердин ишканаңыздар керектүү техникалар менен камсыз болгонбу, же жетишпестиктер барбы?

- Жетишпестиктер жок. “Жалалабатэлектро” ААКсы техникалар менен толугу менен камсыз болгон.

- Негизи эле сизди жана энергетиктерди түйшөлткөн маселелер жок болбосо керек, алар эмнелер болууда?

- Акыркы убактарда элдин көйгөйлүү маселелеринин бири болуп келе жаткан бул элдин санынын өскөндүгүнө байланыштуу, калктуу жаңы конуштардын пайда болушу жана буга байланышкан жол, таза суу, электр линиясы, трансформатор деген коммуникацияга байланыштуу маселелер жергиликтүү бюджеттен чечилбеген бойдон калып келүүдө. Ошол себептен улам элдер өздөрү талапка жооп бербеген аба чубалгыларды тартып алышкан учурлар болуп жатат, бул айыл тургундары үчүн абдан кооптуу болгондуктан, андай көрүнүштөрдү жоюу максатында электромонтёрлор үзүп салышууда, бирок кайра эле элдер улап алышууда. Ушул да орчундуу маселебиз десек болот.

- Жаңы жылдын башында турабыз, 2017-жылга кандай максат пландарды койдуңуздар?

- Электр жабдыктарын капиталдык жана утурумдук оңдоо иштери боюнча 2017-жылга: 69 даана 35 кВ көмөк чордондорун; 1586 даана 6-10/0,4 кВ көмөк чордондорун; 459,5 км 35 кВ аба чубалгысын; 3830,45 км 6-10-0,4 кВ аба чубалгысын оңдоо иштери пландалган.

Ал эми электр жабдыктарына болгон капиталдык салым жана реконструкциялоо боюнча: 24 км 10-0,4 кВ аба чубалгысын куруу; 19 даана кошумча 6-10/0,4 кВ көмөк чордондорун куруу (орнотуу); 34 даана 6-10/0,4 кВ көмөк чордондордун трансформаторлорун жогорку кубаттуулуктагы трансформаторлорго алмаштыруу; 45 км 10-0,4 кВ аба чубалгысын реконструкциялоо; 5 км 35 кВ аба чубалгысын куруу; 23 даана өчүргүчтөрүн орнотуу; 18000 даана электр эсептегичтерин алмаштыруу жумуштары пландалган. Ушул жумуштарды аткарабыз. Мындан башка да бир топ аткара турган иштерибиз бар.

-Убактыңызды бөлүп жооп бергениңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз.

Элиза КАПАРОВА.

"Жалалабатэлектро" ачык акционердик коомунун башкы деректири К. Маматканов "Акыйкат" коомдук саясий гезитине берген маеги (14.03.2016)

«Токтомдун негизинде иш алып барабыз»

Кеңешбек Маматканов «Жалалабатэлектро» ачык акционердик коомунун башкы деректири:

2016-жылдын башынан эле республикабыздын айрым аймактарында, анын ичинде биздин областыбызда да ар кыл мүнөздөгү жыйындарда калк тарабынан электр энергиясына болгон тарифтердин айланасында бир топ маселелер көтөрүлө калып жүрөт. Мындай жагдайда коомчулукка тарифтер тууралуу түшүндүрүп берүүсүн өтүнүп «Жалалабатэлектро» ачык акционердик коомунун башкы деректири Кеңешбек Маматкановго кайрылдык.

- Кеңешбек мырза, тарифтер боюнча маселелердин жаралып жатканы өзүңүзгө деле белгилүү. Ошондуктан окурмандарга түшүндүрө кетсеңиз, негизи тарифтер кантип бекитилет?

-Электр энергиясына болгон тарифтерди КРнын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиги иштеп чыккан. Тарифтерди иштеп чыгуу боюнча агенттиктин укуктары Кыргыз Өкмөтүнүн 2014-жылдын 14-ноябрындагы №650-Токтому менен бекитилген.

   Учурдагы электр энергиясына болгон тарифтерге токтоло кетсем, КРнын энергетика тармагынын туруктуу өнүгүүсүнүн стабилдүү жана ишенимдүү иштешин, өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу жана электр энергиясынын тартыштыгын жоюу максатында Кыргыз Өкмөтү 2014-жылдын 20-ноябрындагы №660-Токтому менен «2014-2017-жылдарга электр жана жылуулук энергиясына КРнын орто мөөнөттүү тарифтик саясатын» кабыл алган. Аталган токтомдун негизинде тарифтер жыл сайын бир жолу өзгөрүп  турушу каралган. Ал эми азыркы колдонулуп жаткан тарифтер КРнын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиги өзүнүн 2015-жылдын 31-июлунда чыгарган буйругу менен ишке киргизген.

- №660-Токтомду ишке ашыруу кандай жүрүүдө жана тарифтердин айырмасы ачык байкалабы?

 -Кыргыз энергетика системасынын мүмкүнчүлүгүн жана бир абоненттин (калк) электр энергиясын орточо айлык керектөөсүн эске алып, 700 кВт.саат өлчөмүндө ар айлык керектөө ченеми белгиленген. Белгиленген керектөө ченеми 70 тыйын/кВт.саат социалдык тарифи боюнча төлөнөт, ал жогорудагы Токтомдо 2015-жылдын 1-апрелинен тартып 2017-жылга чейин жылына 20 пайызга көтөрүлүүсү белгиленген. Иш жүзүндө кошумча эсептөөлөрдөн кийин 2015-жылдын 1-августунан баштап 10 пайызга көтөрүлүп, 77 тыйын/кВт.саатты түздү. Ошондой эле бийик тоолуу жана алыскы аймактардагы калк үчүн керектөө  ченеми 1-октябрдан 1-майга чейин 1000 кВт. Саатка чейин жогорулатылды. Ал эми тиричилик абоненти электр энергиясын тиричилик муктаждыктарга керектөө ченеминен ашыкча, т.а. 700 кВт.сааттан ашыкча пайдаланган учурда, ашыкча иштелген көлөм үчүн орточо өлчөнгөн нарк менен төлөм жүргүзөт. Орточо өлчөнгөн нарк электр энергиясынын импортун, ошондой эле мурдагы жылдын иш жүзүндөгү инфляциясынын чоңдугуна 1 кВт. Саат электр энергиясын импорттук жеткирүүнү эсепке албастан эсептелген нарк. 2015-жылдын 1-августунан баштап бир айлык мөөнөттүн ичинде 700 квт.сааттан ашыкча пайдаланган көлөм үчүн, 2, 16 сом/ кВт.саат орточо өлчөнгөн нарк менен төлөм жүргүзүлүп жатат.

- 700 кВт.саат жана андан жогору керектөөлөр боюнча эсептөө механизми кандайча жүрөт? Түшүндүрө кетсеңиз..

-Электр энергиясына болгон тарифтерди колдонуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин 2014-жылдын 28-ноябрында бекиткен №39-убактылуу нускамасынын негизинде жүргүзүлөт. Көзөмөлдөөчү кассир айына бир жолу , бирок ар кайсы күнү электр эсептегичтин көрсөткүчтөрүн каттап келет. Эсептешүү мезгили эсеп-дүмүрчөктөрдө 30 күнгө жетпей калат, же ашып кеткен учурлар болот. Ошондуктан эсептөө үчүн нускаманын негизинде социалдык тариф боюнча электр энергиясын суткалык керектөөнүн кепилденген көлөмү алынган (700 кВт.с х 12 ай)/365 күн=23,0137 кВт.саат).

Мисалы: Абоненттин январь  айындагы иш жүзүндө керектеген энергиясы 1219 кВт.с. түздү дейли,ал  эсептегичтин көрсөткүчүн  көзөмөлдөөчү-кассир  27- январда каттаса  ал эми мурдагы жолкусун  29-декабрда жазган.
Бул учурда 29 күнгө эсептелет:


700 кВт.саатка чейин керектөөжана төлөм жүргүзүү:

Керектөө: 23,0137 кВт.с. х 29 күн = 667,39 кВт.саат

Төлөм: 667,39 кВт.с. х 0,77 сом/кВт.с = 513,89 сом

700 кВт.сааттан жогору керектөө жана төлөм жүргүзүү:

Керектөө: 1219 кВт.с. – 667,39 кВт.с = 551,61 кВт.саат

Төлөм: 551,61 кВт.с. х 2,16 сом/кВт.с = 1191,47 сом

Төлөөгө бардыгы:

Төлөм: 513,89 сом + 1191,47 сом = 1705,36 сом

Жыйынтыктап айтсак, “Жалалабатэлектро” ААКсы бекитилип берилген тарифтердин гана негизинде жумуш алып барабыз жана туура колдонулушуна жооп беребиз. Тарифтерди  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиги Кыргыз Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-ноябрындагы №660 «Кыргыз Республикасынын 2014-2017-жылдарга электр жана жылуулук энергиясына карата орто мөөнөттүү тариф саясаты» токтомунун негизинде өзүнүн буйругу менен гана өзгөртө алат.

Маектешкен Алина Замирбек кызы.