“Жалалабатэлектро” ачык акционердик коому жыл башында алдыга койгон иш-мерчемдерди толугу менен ишке ашыруу үстүндө турат. Компаниябыздын негизги  максаты калкты үзгүлтүксүз жана сапаттуу электр энергиясы менен камсыздоо. Мындан улам, атайын иш-мерчемдин негизинде  эрте жаздан баштап бардык электр түйүндөрү ондоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө.

Кыш мезгилинде авариялык өчүүлөрдү кыскартып, электр энергиясына болгон техникалык жоготууларды азайтуу максатында өз мөөнөтүн өтөп бүткөн авариялык абалдагы “Шекафтар-Терек-Сай” 35 кВ аба чубалгысынын 2 чакырым аралыгы калыбына келтирилди. Ушул кезге чейин 7 чакырымы калыбына келтирилген эле.  35 кВ “Избаскент-Камалдин” аба чубалгысында 12 мамы жана “Избаскент-Восточный” аба чубалгысында 2 мамы, бардыгы болуп жогорку чыңалуудагы 14 мамы СК-22 тибиндеги мамыларга алмаштырылды. Ал эми капиталдык салым боюнча Токтогул районуна караштуу 22 чакырым “Үч-Терек-Өзгөрүш” жана Ноокен районунун аймагындагы 35 кВ “Избаскент- Рахманжан” аба чубалгысынын зымдарынын  8 чакырымы өткөрүмдүүлүгү жогору зымдарга алмаштырылды. Аталган чубалгылар 1969-жылдары курулгандыктан, эскилиги эбак жетип, күз-кыш мезгилдеринде авариялык абалды жаратып турчу.

Жогорку 35 кВ чыңалуудагы 12 темир мамылар жуулуп-тазаланып сырдалды. Көмөк чордондордогу эски 36 даана 10 кВ чыңалуудагы май өчүргүчтөрү жаңы заманбап вакуумдук өчүргүчтөргө алмаштырылды. Жыл сайын кардарлардын саны өскөндүктөн, кубаттуулукту жогору максатында 35 даана трансформаторлор орнотулду.

Бүгүнкү күнгө карата компанияга таандык 6-10-0,4 кВ аба электр чубалгыларында 183 868 даана мамылар бар, анын ичинен 16 941 даанасы же 9, 21 пайызынын эскилиги жеткен деп катталган. Жыл сайын эскилиги жеткен жыгач электр мамычаларды бетон мамычаларга алмаштыруу жумуштарын улантылып жатат. 

2014-жылы            400 даана

2015-жылы            500 данаа

2016-жылы            900 даана

2017-жылы            1900 даана

2018-жылы              2994 даана  абалы талапка жооп бербеген мамылар алмаштырылды.

Кийинки жылы бул көрсөткүч мындан дагы көбөйөт деген ишеничибиз бар, анткени  Базар-Коргон районуна темир-бетон электр мамыларын чыгара турган атайын цехтин курулушу башталды. Пайдаланууга 2019-жылы берилет.

Ал эми энергетика тармагын жакшыртуу үчүн 2019-жылда аткарыла турган иш-мерчемдердин негизгилерине токтолсок:

- 6-10 кВ вакуумдук өчүргүчтөрүн орнотууну 2019-жылы да улантылат, ошону менен бирге келерки жылы 2 даана 35 кВ чыңалуудагы вакуумдук өчүргүчтөрдү алмаштыруу да мерчемдештирилүүдө;  

- “Шекафтар-Терек-Сай” 35 кВ аба чубалгысынын 9 чакырымы бүгүнкү күнгө кайрадан калыбына келтирилди. 2019-жылы да аталган аба электр чубалгынын 7 чакырымын калыбына келтирүү жумуштары улантылат;

- Темир-бетон мамыларын чыгаруучу цехи ишке киргизилет;

- 35/10 кВ “Жаңы-Дыйкан” көмөк чордонунун курулушу башталат;

- Быйылкы жылы курулушу башталган Сузак жана Ноокен район электр тармактарынын 3 участкалык бөлүмү ишке берилет.