21-декабрь күнү “Жалалабатэлектро” ачык акционердик коому Энергетиктердин кесиптик майрамын белгиледи. Салтанаттуу жыйынга аталган компаниянын башкы деректири баштаган жалпы жамаат жана Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев жана областтык жетекчилер катышты. Жыйын Кыргыз Республикасынын гимни менен башталып келген коноктор “Жалалабатэлеткро” ачык акционердик коомунун аткарып жаткан жумуштарын, жетишкен ийгиликтерин баса белгилешип, майрамдык куттуктоолорун айтышты. Көп жылдардан бери үзүрлүү эмгектенген, компаниянын ишмердүүлүгүнүн алдыга жылышына салым кошкон кызматкерлер Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын, Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, ошондой эле “Жалалабатэлектро” ачык акционердик коомунун ардак громаталарына ээ болушту