“Жалалабатэлектро” ачык акционердик коому 2014-жылдын ноябрь айында атайын Окуу борборун ачкан. Аталган борбор өндүрүштүк зарылчылык үчүн кызматкерлердин адистигин жогорулатууну талаптагыдай уюштурууну максат койгон. Бул окуу борбор жыл сайын электромонтёрлорду, көзөмөлдөөчү-кассирлерди, мастерлерди жана иш алып баруучуларды окутуп келет.

2018-жылы 125 кызматкерге 40 жана 72 сааттык программадагы окутуулар өткөрүлдү. Окуу борбору ачылгандан бери 741кызматкер адистиги жогорулатты. Анын ичинен 356сы бөлүштүрүүчү электр тармагын тейлөөчү кызматкерлери, 360 электр энергиясын сатуу бөлүмүнүн кызматкерлери болсо, 25и иш алып баруучулар. 2019-жылга 150 кызматкерге атайын сабактар окутулат