1) Электр орнотмолорунда жүргүзүлгөн капиталдык жана утурумдук оңдоолорду физикалык көлөм менен алганда:

  • 35 кВ жогорку чыңалуудагы көмөк чордондорду (ПС 35/10-6 кВ) оңдоолор мерчемдеги 62 даана оңдоодон толук өткөрүлүп 100%га;
  • 6-10/0,4 кВ чыңалуудагы трансформатордук пункттарды (ТП, КТП) оңдоолор мерчемдеги 1620 даананын ордуна 1790 даана оңдоодон өткөрүлүп 110%га;
  • 6-10/0,4 кВ аба электр чубалгылары мерчемдеги 2801,073  чакырымдын ордуна 2947, 42 чакырым оңдолуп 105,22 %га; 
  • 35 кВ аба электр чубалгылары боюнча 204, 3 чакырым оңдоо мерчемделсе, иш жүзүндө 204,36 км оңдолуп 100, 07 %га аткарылды.

2) Электр тармактарында капиталдык салымга жана кайра келбеттөө жумуштары

          Жаңы курулган 10-6-0,4 кВ аба электр чубалгыларын, кошумча трансформатордук пункттарды куруу жана ашыкча жүк келип иштеген трансформаторлорду алмаштыруу жумуштарынын физикалык көлөм менен аткарылышы:

  • 6-10/0,4 кВ кошумча трансформатордук пункттарды куруу мерчемделген 32 даананын ордуна 42 даанага,
  • 10-6-0,4 кВ электр чубалгыларын куруу мерчемделген 48,5  чакырымдын ордуна 49,4 чакырымга,
  • ашыкча жүк келип иштеп жаткан трансформатордук пункттардагы трансформаторлорду жогорку кубаттуулуктагы трансформаторлорго алмаштыруу мерчемделген 46 даананын ордуна 64 даанага,
  • 6-10/0,4 кВ аба электр чубалгыларын кайра келбеттөө жумуштары мерчемдеги 65 кмнын ордуна 73,6 чакырымга аткарылды.
  • Электр эсептегичтерди алмаштыруу боюнча мерчемделген 14000 даананын ордуна 20 610 даана орнотулду.  

3) 2018-жылдын 12 ай ичинде 6-10 кВ электр орнотмолорунда 1429 авариялык өчүүлөр катталып, 2017-жылдын 12 айына салыштырмалуу 153 өчүүлөргө кыскарган. Авариялык өчүүлөрдүн кыскарышына электр орнотмолорундагы капиталдык жана утурумдук оңдоолордун сапатынын такай көзөмөлгө алынгандыгынын жана оңдоолорду өз убагында аткаргандыгыбыздын негизинде жетише алдык.

4) Электр орнотмолорун 2018-2019-жылдагы күз-кыш мезгилинде иштөөгө даярдоо максатында 2018-жылдын 12 ай ичинде төмөндөгү жумуштар аткарылды:

  • 35/10 кВ “Сейдикум”, “Желтийбес”, “Терек-Суу”, “Өзгөрүш”, “Ажыматов”, “Бекен”, “Афлатун”, “Ленинская”, “Насос Нарын”, “Рахманжан”, “Жаңы-Базар”, “Көк-Жаңгак” көмөк чордондоруна жалпы 45 даана 10 кВ ячейкасынын эски өчүргүчтөрү (В-10 Т-1) вакуумдук өчүргүчтөргө алмаштырылды.
  • ВЛ-35 кВ Шекафтар-Терек-Сай аба электр чубалгысына СК-22 маркадагы 2 даана жана У-35 маркадагы 1 даана таянычтар орнотулуп 2 чакырым тилкеси кайрадан калыбына келтирилип, 9 даана темир-бетон электр мамычалар алмаштырылды.

Мындан сырткары Токтогул районуна караштуу 22 чакырым “Үч-Терек-Өзгөрүш” аба чубалгысы жогорку өткөрүмдүүлүктөгү  аба чубалгыга алмаштырылды.

35 кВ “Избаскент- Рахманжан” аба чубалгысынын 8 чакырымы жаңыланды.
АС 70 аба чубалгылар АС 95 аба чубалгыларга алмаштырылды. Аталган электр чубалгылары 1969-жылы курулгандыктан эскилиги жетип, күз-кыш айларында авариялык абал катталып, кыска чыңалууларды жаратып турган.