Бүгүн “Жалалабатэлектро” ачык акционердик коомунда кезексиз акционерлердин жалпы жыйыны болду. Ага Улуттук Энергетикалык Холдинг Компаниясы ачык акционердик коомунун төрагасынын 1-орун басары Нурлан Садыков  жана “Жалалабатэлектро” ачык акционердик коомунун кызматкерлери, акционерлер катышты.

Күн тартибинде 4 маселе каралды:

  1. Эсептөө комиссиясын бекитүү.
  2. Коомдун көз карандысыз аудиттеринин 2018-жылдагы сый акысынын өлчөмүн бекитүү.
  3. Коомдун 2018-жылдагы бюджетине өзгөртүү киргизүү.
  4. Текшерүү комиссиясынын мүчөсүнүн кызматын мөөнөтүнөн мурда токтотуу.

Акционерлердин добушу менен эсептөө комиссиясын бекитилди, коомдун 2018-жылдагы бюджетине өзгөртүү киргизилди жана текшерүү комиссиясынын мүчөсүнүн кызматы мөөнөтүнөн мурда токтотулду. Ал эми 2-маселе катары каралган коомдун көз карандысыз аудиттеринин2018-жылдагы сый акысынын өлчөмүн бекитүү добуш берүүнүн жыйынтыгында өткөн жок.