Бүгүн, «Жалалабатэлектро» ачык акционердик коомунда 22-декабрь энергетика кызматкерлеринин кесиптик майрамы, «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» башкармалыгынын төрагасынын орун басары Бакыт Есенбаева, КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов жана “Жалалабатэлектро” ачык акционердик коомунун башкы директору Дурусбек Рахманов жетектеген эмгек жамааттын катышуусунда өттү.
Энергетиканын экономикадагы орду, калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоонун маанилүүлүгү баса белгиленип, компаниянын жетишкендиктери тууралуу маалыматтар берилди.
“Жалалабатэлектро” ААКнын башкы директору Дурусбек Рахмановдун куттуктоосунда; “Быйылкы жыл энергетиктер үчүн өзгөчө мааниге ээ. 22-декабрь энергетиктердин кесиптик майрамы, андан сырткары Кыргыз Республикасынын энергетикасынын түзүлгөндүгүнө 85 жыл толду.
Ар бир кесиптин түйшүгү менен жыргалы, жоопкерчилиги менен сыймыгы бар. Күн менен түндү билбеген кызматтык учурлар, биз үчүн жаңылык эмес, күз менен кыштын, жаз менен жайдын ызгаары же аптабы энергетиктер үчүн эрөөн албаган учурду камтыйт. Биздин аткарган жумушубуз ар бир үйдү жарык жана жылуулук менен камсыз кылуу”-деди Дурусбек Рахманов.
«Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» башкармалыгынын төрагасынын орун басары Бакыт Есенбаева кызматкерлердин жетишкендиктери, өлкөгө кошуп жаткан салымдары чоң экенин билдирип, көп жылдардан бери үзүрлүү эмгектенип келе жаткан кесип ээлерин ардак грамоталарды жана атайын төш белгилерди тапшырды.
КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов, Жалал-Абад облусундагы энергетиктердин эмгеги эбегейсиз экенин, акыркы 5 жылда “Жалалабатэлектро” ААК ийгиликтерди жаратууда, алдыда бара жатканын, жаңы ачылган имараттар, жарыктын үзгүлтүксүз берилиши баалоого татыктуу экенин айтып, кесиптик майрам менен кызуу куттуктады.
Салтанаттуу жыйын, эмгектери эске алынган кызматкерлерге Ардак грамоталарды тапшыруу менен аяктады.