21-декабрдан 22-декабрга караган түнү, кардын калың жааганынан улам Сузак, Базар-Коргон райондорунда жана Жалал-Абад шаарынын Көк-Арт, Спутник кичи райондорундагы 35 фидерде электр жарыгы үзгүлтүккө убактылуу учураган. Күзөттө турган, ыкчам топко кошумча күч тартылып, жалпы 32 ыкчам топ жеринде калыбына келтирүү жумуштарын жүргүзүштү. Сузак районунда орточо эсеп менен алганда 2 сааттан 7 саатка чейинки аралыкта 10 кВ чыңалуудагы аба чубалгыларга электр энергиясы толугу менен берилди, ал эми 10/0,4 кВ трансформатордук подстанцияларда аба чубалгылар үзүлүп, электр мамычалардын айрымдары кулап түшкөндүктөн, оңдоп-түзөө жумуштары кечээ күнү дагы улантылып, бүгүн толугу менен бардык жер электр жарыгы менен камсыз болду. Тоолуу Орток айылына электр монтёрлор ат менен барышып, электр жарыгын жандырышты. Белгилей кетүүчү жагдай, Сузак районундагы, электр энергиясын калыбына келтирүү жумуштарын жүргүзүүдө, жолдордун жабылып калгандыгы техникалардын баруусуна тоскоолдук жаратты. Ага карабастан жөө жана ат менен барып, жарык берүү жумуштарын аягына чыгарышты.