2020-жылдын 14-февралында саат 10:00дө төмөндөгүдөй күн тартибиндеги маселелер боюнча «Жалалабатэлектро» ААКнын акционерлеринин жалпы жылдык кезексиз чакырылган чогулушу болот.

  1. Эсептөө комиссиясынын курамы туурасында.
  2. 2019-2021-жылдарга карата «Жалалабатэлектро» ААКнын көз карандысыз аудиторун бекитүү жана анын кызмат көрсөтүү акысын бекитүү туурасында.
  3. «Жалалабатэлектро» ААКнын текшерүү комиссиясынын мүчөсү М. М. Байсымаковдун укуктарынын мөөнөтүнөн мурда токтотулушу туурасында.

Чогулуш «Жалалабатэлектро» ААКнын имаратында, Жалал-Абад шаары, Ленин көчөсү, 159 дарегинде өтөт.

Акционерлерди каттоо саат 09:00 баштап 10:00 гө чейин.

Жалпы акционерлердин кезексиз чакырылган чогулушуна катышууга укугу бар акционерлердин тизмесин түзүү күнү 2020-жылдын 21-январы. Чогулуштун материалдары менен акционерлер төмөнкү даректерден таанышса болот.

Бишкек шаары, Ахунбаев көчөсү, 119, 123-бөлмө, телефондор: 0 (312) 98 -88-22 кошумча (4445), Жалал-Абад шаары, Ленин көчөсү, 159, тел.: 0 (3722) 5-42-06