Бүгүн, «Жалалабатэлектро» ачык акционердик коомунун жалпы жамааты ишембиликке чыгышты. Аткарууга алган жумуштар:

  • Айлана-чөйрөнү таштандыдан тазалоо;
  • Жашылдандыруу жана көрктөндүрүү жумуштарын жандандыруу;
  • Темир тосмолорду сырдоо;
  • Арыктарды, латокторду тазалоо;
  • Бак-дарактардын куураган бутактарын бутап, түбүн актоо;
  • Отургузулган гүлдөрдүн түбүн жумшартуу, айланасына чыккан чөптөрдөн тазалоо.

Айлананы көрктөндүрүү жана санитардык абалын жакшыртуу боюнча жарыяланган 3 айлык иш-чаранын негизинде ишке ашууда.

Белгилей кетүүчү жагдай, мындай ишембилик «Жалалабатэлектро» ААКнын карамагындагы бардык район электр тармактар ишканасында өттү.