Облустагы кырдаалга байланыштуу «Жалалабатэлектро» ачык акционердик коому калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо үчүн, күчөтүлгөн режимде ишмердүүлүгүн улантууда. Анткени, жашоочулар,  мамлекеттик мекеме-ишканалар, социалдык объектилер электр энергиясы  менен үзгүлтүксүз камсыз болушу зарыл.

Муктаждыктан улам, борбордук аппаратта ар бир бөлүмдүн кызматкерлери күзөттө туруп, иш алып барып жатышат ошондой эле район электр тармактарында ыкчам бригадаларга кошумча бригадалар тартылды.

- облус боюнча 24 ыкчам бригада күзөттө турат

- өндүрүш кызматы жана структуралык бөлүмдөр штаттык режимде иш алып барышат;

- карантин жарыяланган айылдардагы кызматкерлер жумушка чыгарылган жок

- административдик башкаруунун кызматкерлеринин айрымдары үй шартында иш алып барышууда

Коронавирус илдетин жайылтпоо максатында кызматкерлерге түшүндүрүү жумуштары компания тарабынан тынымсыз жүргүзүлүп, керектүү беткаптар, антисептиктер берилип, дарыгерлердин көрсөтмөлөрүнө таянуу менен жумуш жүрүп жатат. Компанияга таандык бардык электр тармактары дезинфекцияланды. Компаниядагы кырдаал башкы директор Дурусбек Рахмановдун жеке көзөмөлүндө.