Эл, мамлекеттик мекеме-ишканалар жана социалдык объектилер үзгүлтүксүз электр жарыгы менен камсыз болушу зарыл. Бул үчүн кызматкерлер күнү-түнү күчөтүлгөн тартипте иш алып барышууда.

“Жалалабатэлектро” ААКу учурдагы кырдаалдан улам, кызматкерлердин ден-соолук коопсуздугу үчүн ар бир район электр тармактар ишканаларына дагы кошумча антисептик, жеке гигиеналык каражаттарды, беткап, колгап жана атайын формалардын экинчи этабын жөнөттү. Бүгүнкү күндө, бардыгы алып, колдоно башташты. Кызматкерлерге түшүндүрүү жумуштары тынымсыз жүргүзүлүүдө. Дарыгерлердин көрсөтмөлөрүнө ылайык, эрежелер сакталууда.

Эскерте кетсек облус боюнча 24 ыкчам бригада күзөттө, күчөтүлгөн тартипте турушат.