Ноокен районундагы 35/10 кВ “Ленин” көмөк чордонундагы “Сары-Куш” фидеринде капиталдык ондоп-түзөө жумуштары жүргүзүлүп, Аптыртан айылындагы аба чубалгыларга тоскоолдук жараткан бак-дарактар буталды.

Мындан сырткары № 295 КТП, №308 КТП жана башка бир нече трансформатолордо утурумдук ондоп-түзөө жумуштары жүргүзүлүп, атайын шкафтар сырдалып, диспетчердик белгилер жаңыланды.