Таш-Көмүр район электр тармактар ишканасы 2020-2021-жылдын күз-кыш мезгилдерине аткарылууну талап кылган, иш-мерчемдерди ишке ашырууда. Жарактуу мөөнөтү бүткөн 6-10/0,4 кВ жыгач мамычалардын ордуна жаңы бетон мамычалар орнотулду. Жыл башынан бери аталган шаарда 100 даана эски мамычалар алмаштырылды.

Сольнычная көчөсүнө           6 кВ 4 даана

Мира көчөсүнө                       0,4 кВ 18 даана

Фрунзе көчөсүнө                    0,4 кВУ 28 даана

Пахтахор көчөсүнө                0,4 кВ 30 даана

Бөкөнбай көчөсүнө                0,4 кВ 20 даана

Үстүбүздөгү жылы дагы 109 даана жыгач мамычаларды алмаштыруу планга киргизилген.

Белгилей кетүүчү жагдай, электр мамычаларын алып берүүдө жергиликтүү бийликтин салымы чоң.