Улуу Жеңишке 75 жыл. Мына ушул майрамдын урматына «Жалалабатэлектро» ААКнун башкы директору Дурусбек Рахманов жана анын биринчи орун басары Азамат Паизов,  6 согуштун ардагерлерин үйлөрүнө барып куттуктап, акчалай жардам көрсөтүштү.

 Ардактуу ардагерлерибиздин басып өткөн жолу, алардын баатырдыгы муундан муунга сабак жана үлгү болоорун башкы директор Дурусбек Рахманов баса белгилеп, эрдиктерине таазим кылышты.

Бүгүнкү жаркын келечекти тартуу кылган, аталарга таазим кылып, ыраазчылык билдиришип,  аларга узун өмүр, бекем ден-соолук каалашты.