Бүгүн “Жалалабатэлектро” ачык акционердик коомунун базасында курулган “Темир бетон буюмдарын жасоо цехи” ишке кирди. Иштин ыргагы менен Улуттук энергохолдинг компаниясы башкармалыгынын Төрагасы Айтмамат Назаров таанышып чыкты. «Жалалабатэлектро» ААКнун башкы директору Дурусбек Рахманов баштаган топ, маалымат берди. Ошондой эле Базар-Коргон районунун акими Бакыт Козуев катышып, район ичинде мындай цехтин ишке берилиши чоң жетишкендик экенин, баса белгилеп, аталган райондун эли үчүн дагы жакшы саамалык экенин айтты. 

Компания темир-бетон мамыларын сатып алууда бир топ кыйынчылыктарга дуушар болуп келген. Тендердик сынактын негизинде уткан жеткирүүчүлөрдүн продукцияларынын сапатынын начар болгондугунан тендерлер бузулуп, ага кошумча, уткан жеткирүүчүлөр мамычаларын убагында жеткирип бере албай, биздин кабыл алган план-тапшырмаларыбыздын аткарылышын тобокелге салган учурлар көп болгон.  Ушундай абалдан чыгуу үчүн, компанияда  мамычаларды өзүбүздө өндүрүү колго алынган.  

Цехте орнотулган бетон даярдоо орнотмосу 2018-жылы Россия Федерациясынын “Завод металлоформ” ЖЧК ишканасынан алынып келинген.

Орнотмонун өндүрүмдүүлүгү саатына 15-20 метр куб даяр бетон чыгарганга мүмкүнчүлүк берет. Алдын ала эсептөөлөр боюнча жылына 4 миңден ашык мамыча чыгарып же болбосо “Жалалабатэлектро” ААКу  быйылкы жылга алмаштырууга пландаштырган 3178 даана көлөмдөн 1000 даана ашыкча өндүрүүнү пландоодо.