Үстүбүздөгү жыл “Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо” жылынын алкагында, аймактардагы керектөөчүлөргө шарт жаратып берүү үчүн,  “Жалалабатэлектро” ААКу  Базар-Коргон, Ноокен район электр тармактар ишканасына “Калкты тейлөө борборлорун” ачып, ишке берди. Иш ыргагы менен таанышууга  Улуттук энергохолдинг компаниясы башкармалыгынын Төрагасы Айтмамат Назаров, “Жалалабатэлектро” ААКнун башкы директору Дурусбек Рахманов  барышты.

Бул жайда кардарларды тейлөө, абоненттин арыз-буютмаларын кабыл алуу, эсеп дүмүрчөктү чыгарып берүү, техникалык кароого документ тапшыруу сыяктуу электр энергиясына тиешелүү жумуштар бирдиктүү багытта  жүргүзүлүп, кардарлар үчүн бардык ыңгайлуу шарттар жаратылган.

Мурдагыдай төлөмдөрдү кабыл алуучу жайда кезек күткөндөр болбойт, анткени төлөм жүргүзүү үчүн кошумча  эки терминал коюлган. Мында иштеген адистер кезексиз тейлешет.

Оператор, автоматтык башкаруу тутуму инженери, эсеп-кысап инженери, кассир жана адиминстратор чогу бир иш бөлмөсүндө иш алып барышат.