Базар-Коргон районуна караштуу Жаз-Кечүү айылы электр энергия менен камсыз болгон эмес. Анткени аталган айылга бара турган жол жок болгондуктан, айыл эли ушул кезге чейин электр жарыгы жок жашап келишет.

«Жалалабатэлектро» ААК айылды электр жарыгы менен камсыз кылууну үстүбүздөгү жылдын иш-мерчемине киргизген. 6-июнь күнү Улуттук энергохолдинг башкармалыгынын Төрагасы Айтмамат Назаров, «Жалалабатэлектро» ААКнын башкы директору Дурусбек Рахманов баштаган кызматкерлер жана жергиликтүү бийлик менен айыл тургундарынын катышуусунда алгачкы электр мамыча орнотулду.

Эми Сузак районунун Кыз-Көл айылы тарабынан аба электр чубалгысын тартуу жумуштары башталды.  Жалпысынан А 35, 50 жана АС 120 көлөмдөгү  18 чакырым аба чубалгысы тартылып, 10 кВ  900 даана электр мамычалар орнотулуп, 35 кВ 4 даана электр мамыча курулат. Айыл ичине 100 кВА кубаттуулуктагы 1 даана 160 кВА кубаттуулуктагы 2 даана трансформатор коюлат.

Электр энергиясы Сузак районуна караштуу Ак-Тоок айылындагы 35/10 кВ «Келдибек» көмөк чордонунун Кара-Көл фидеринен берилет.

 «Жалалабатэлектро»  ААК куруу жумуштарына Көк-Арт район электр тармактар кошумча бригадалык топ түзөт. Долбоор 25 млн сомду түзөт, каржылоо «Жалалабатэлектро» ААК эсебинен ишке ашырылат.

Белгилей кетүүчү жагдай, айыл райондун борборунан 100 чакырым алыс жайгашкан. Бул айылда 101 түтүн 500гө жакын эл жашайт. Ал эми ушул айылдын четинде 36 түтүн отурукташкан, алар Сузак районунун Кызыл-Туу айыл өкмөтүнө карайт. Жалпысынан 137 түтүн электр энергияга муктаж.

2020-жылдын 1-сентябрына электр жарыгын берүү пландалууда