Сузак районуна караштуу Күмүш-Азиз айылынын Тиллебаев көчөсүндөгү жарактуу мөөнөтү бүткөн жыгач мамычалар жаңы бетон мамычаларга алмаштырылууда. 1967-жылы курулган, учурдагы абал талапка жооп бербейт. Бул жумуштар күз-кыш айларына карата даярдыктардын негизинде ишке ашып жатат.

 Үстүбүздөгү жылдын 5 ай аралыгында Кара-Дарыя айыл өкмөтүнө караштуу Адыр айылына кошумча 160 кВА кубаттуулуктагы жаңы трансформатор орнотулган.  Жийде, Ырыс айылдарына 100 кВАлык трансформаторлордун кубаттуулугун 160 кВАга жогорулатылып, алмаштырылды

Сел жана көчкү коркунучтарын алдын-алуу иш-планынын негизинде аталган ишкана райондун Алчалуу айылынан баштап Шатырак айылына чейинки аралыктагы көчкү кооптуулугу бар жерлеринде жайгашкан, электр жабдуулардын ордуна 10 кВ чыңалуудагы айланып өтүүчү аба-чубалгыларды курду.  Анткени Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бул айылда дагы көчкү түшүү коркунучу күч экенин айтып, тургундардын жашоосуна уруксат берген эмес. Ошондон улам, сай жээгиндеги электр мамычаларыбыз көчкү алдында калбашы жана ашыкча чыгымга учурабаш үчүн, ушундай кадамга барышты. 45 даана электр мамычалар орнотулуп,  2 чакырым 100 метрди түзгөн электр чубалгылары тартылды. 

Бүгүнкү күнгө чейин, эскилиги жеткен, 75 даана эскирген жыгач мамычалар алмаштырылды