«Жалалабатэлектро» ачык акционердик коому бардык иш бөлмөлөрүн, кызматтык унааларды кезектеги дезинфекциялоодон өткөрдү. Компаниянын дарыгери кызматкерлерге түшүндүрүү жумуштарын жүргүзүүдө. Беткап, колгап жана коргонуучу каражаттар менен жумуштарын улантып жатышат.

Урматтуу «Жалалабатэлектро» ААКнын кызматкерлери жана абонеттери!

📍 милдеттүү түрдө беткап тагынып, антисептик колдонуңуздар

📍 иш бөлмөлөрдү ар он беш мүнөт сайын желдетип туруңуздар

📍 кызматкерлер арасында социалдык аралыкты сактаңыздар

📍 жумуштан сырткары зарыл жумушуңуздар болбосо эл көп чогулган жерлерге барбаңыздар

Ар бир жаран өз ден-соолугу үчүн жоопкерчиликтүү мамиле жасап, дарыгерлердин көрсөтмөлөрүнө ылайык иш алып барыңыздар.

Эрежени так, туура сактоо менен –ден-соолугуңузга кам көрүңүз.