Үстүбүздөгү жылдын 6 айында Жалал-Абад шаарында 150 даана жарактуу мөөнөтү бүткөн жыгач мамычалар алмаштырылды.

Жалал-Абад район электр тармактар ишканасы 2020-2021-жылдын күз-кыш айларына карата ар тараптуу даярдыктарды көрүүдө.

Трансформаторлорду оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, майларын ашмаштырышууда. Андан сырткары изоляторлорду жаңылап, аба чубалгыларына тоскоолдук жараткан бак-дарактарды бутоо жумуштарын жүргүзүп жатышат. Ошондой эле Спутник кичи шаарчасындагы Жеңи-Жок көчөсүндөгү 1968-жылы курулган, жыгачтары чириген абалга жеткен 16 даана мамыча, 10 кВ чыңалуудагы жаңы бетон мамычаларга алмаштырылды.

Бүгүнкү күндө ушундай эле жумуштар Кайрагач айылында, Железнодорожная, Пограничная көчөлөрүндө эскирген электр мамычалар алмаштырылып жатат.