«Жалалабатэлектро» ачык акционердик коому учурдагы кырдаалды эске алып, Жалал-Абад облустук биргелешкен ооруканасына 3 даана кычкылтек концентратор тапшырды

 «Бүгүнкү күндө ар бир жарандын ден-соолугуна кам көрүп жаткан медицина кызматкерлеринин эмгеги опол тоодой. Биздин компания дагы четте карап турбай,

колдон келген жардамды берип жатабыз. Бүгүн дагы 3 даана кычкылтек концентраторду алып келдик. Ооруп жаткан бейтаптарга жардам болсо,

биз кубанычта болобуз»,-деди компаниянын башкы директору Дурусбек  Рахманов.  

Урматтуу достор! Оору-сыркоодон алыс болуңуздар, элибизге келген илдетти сабырдуулук, бири-бирибизге кам көрүү,

бири-бирибизге жардам колун сунуу менен жеңип чыгалы!