«Жалалабатэлектро» ААК эрте жаздан баштап, күз-кыш айларына карата мерчемделген жумуштарды аткарып жатат.

Өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу өзгөчө абал киргизилген учурдагы аткарылбай калган жумуштарды, июнь

айында иш күндөрдү узартып ишемби,жекшемби күндөрү ишке чыгуу менен аткарууну камсыз кыла алдык.

10 кВ кубатуулуктагы  627 даана, ал эми 0,4 кВ 959 даана жалпысынан 1586 даана жарактуу мөөнөтү бүткөн

электр мамычаларды алмаштырууга жетиштик.

Кошумча трансформатордук пункттарды (КТП-6-10/0,4кВ) 11 даана орноттук.

10/0,4 кВ чыңалуудагы  15, 26 чакырым аба чубалгылар курулган болсо,  29 чакырым аба чубалгы кайрадан

калыбына келтирилди. Ошондой эле аба чубалгыларга тоскоолдук жараткан бак-дарактар буталууда, көмөк

чордондор толук капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө.

6003 даана электр эсептегичтерди сыртка чыгарды

Пайдалуу сатылган электр энергиянын наркы 1020,6 млн.сомду түздү жана иш жүзүндө 979,6 млн.сом акча

каражаттары өндүрүлүп, акча чогултуу 96%га аткарылды.

 Ушул жумуштары аткарылып жаткан учурда электр энергиясы убактылуу үзгүлтүккө учурап жатат.

Урматтуу абоненттер туура түшүнүү менен кабыл алууңуздарды суранабыз.