Жаз-Кечүү айылына электр энергиясын жеткирүүдө жолдун татаалдыгына, тоолордун бийиктигине карабастан,   биздин кесипкөй кызматкерлер жумушту тездик менен ишке ашырышууда.

Аталган айылга жарык жеткирүү жумуштары кызуу жүрүп жатат. Бүгүнкү күнгө карата 10 кВ чыңалуудагы 476 даана, ал эми 0,4 кВ чыңалуудагы 155 даана электр мамычалар орнотулду. Ошондой эле аба чубалгыларды тартуу жумуштары башталды.

Учурда 5 бригада жеринде чатырда жашап, иштеп жатышат. Жалал-Абад, Көк-Арт, Сузак жана Базар-Коргон район электр тармактар ишканасынын кызматкерлери , андан сырткары «Жалалабатэлектро» ААКнын жогорку чыңалуудагы жабдууларды тейлөө кызматынын адистери анкердик электр мамычаларды курашууда.

Дем алыш күндөрү «Жалалабатэлектро» ачык акционердик коомунун башкы директору Дурусбек Рахманов баштаган ген дирекция бир күндүк жумуш ыргагына күбө болушту, о.э. кызматкерлерге сый тамак уюштурулду.

Биздин кызматкерлер тарых жаратып жатышат. Жолдун татаалдыгы, тоолордун бийиктиги, абалынын катаалдыгы тоскоол жарата алган жок.