Бүгүн, 1-сентябрда Жалал-Абад облусунун Жазы-Кечүү айылынын тургундарын электр

тармактарына кошуу аземи болуп өттү. Жарыяланган региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү

жана балдарды колдоо жылынын алкагында, Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Ш. Жээнбековдун тапшырмасы боюнча Улуттук энергохолдингдин Башкармасынын

Төрагасы Айтмамат Назаров өткөн жылдын күзүндө аталган айылга келип, түзүлгөн абал менен таанышкан.

Ушул жылдын 6-июнунда “Жалалабатэлектро” ААК өз күчү жана каражаттары менен биринчи

электр зым тирөөчтү орнотуп, жумушту баштады.Бардыгы болуп 654 электр

мамычалар, анын ичинен: 10 кВ чыңалуудагы 479 даана , 0,4 кВ чыңалуудагы

175 электр мамычалар. 18 чакырымдан ашуун электр берүү чубалгылары коюлуп,

4 анкердик тирөөч орнотулду. Ошондой эле айылда 110 кВА кубаттуулуктагы 1 трансформатор

жана 160 кВА кубаттуулуктагы 2 трансформатор орнотулду.

Эки айдын ичинде, компания бардык аракеттерди жасап, 6 бригаданы ишке салып,

Жазы-Кечүү айылын электрлештирүү боюнча иштерди аяктады.
Жалал-Абад, Сузак, Базар-Коргон, Ноокен, Көк-Арт РЭТтеринин адистери, ошондой

эле жогорку чыңалуудагы электр жабдууларын тейлөө боюнча адистер бүткүл күчүн жумшап коюлган

тапшырмаларды аткарууну аякташты.

Долбоордун жалпы сметасы 25 миллион сомду түздү.

Электр кубаты Сузак районунун Ак-Тоок айылындагы 35/10 кВ КЧ Кара-Көл фидеринен берилди.

Салтанаттуу иш-чарага Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары

Мамасалы Акматов, Базар-Коргон районунун Акими Бакыт Козуев, Улуттук энергохолдингдин Башкармасынын

Төрагасы Айтмамат Назаров, “Жалалабатэлектро” ААКтын башкы директору Дурусбек Рахманов, ошондой эле

тармактык мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты.