Биринчи байлык – ден-соолук

«Жалалабатэлектро» ААКнын кызматкерлери кезектеги медициналык кароодон өтүүдө

Жыл сайын компаниянын жалпы кызматкерлеринин саламаттыгы текшерилет. Ал үчүн

ишкана тиешелүү адистер менен келишим түзгөн соң, имаратка чакыртылат. Ар жылдын апрель

айындагы медициналык текшерүү, өлкөдөгү эпидемиологиялык абалдан улам октябрь айына жылдырылган.

Кардиолог, окулист, лаборант, лор, терапевт ж.б. оорунун бардык түрүн карай турган дарыгерлер келишкен.

Ар бир кызматкер алгач өпкөсүн рентгенден өткөрүп келип, имарат ичинде жалпы анализ тапшырып, андан соң бардык органдарын текшертишет.

Жыйынтыгында кайсы бир кызматкердин ооруган жери аныкталса,  жеке медициналык китепчелерине

оорулары тууралуу маалыматтар жазылып, дарылануу курсу өтөт.

Текшерүү учурунда бардыгы беткапчан, тиешелүү санитардык нормалар сакталууда.

Ден-соолук бул баары эмес, бирок ансыз бардыгы эч нерсеге татыбайт.