"Жалалабатэлектро" 4-октябрь күнү шайлоо участкаларын үзгүлтүксүз электр

энергиясы менен камсыз кылуу үчүн күчөтүлгөн тартипте иш алып барат.

Компания облустагы 430 шайлоо тилкесин тейлейт. Ар бир участкага бирден электр монтер

бөлүнүп, шайлоо тилкеси өз ишин жыйынтыктаганча нөөмөттө турат.

Мындан сырткары, ар бир көмөк чордондордо энергетиктер күзөттө болушат ошондой

эле район-шаарларда кошумча 53 мобилдүү тайпалар түзүлүп, ыкчам аракеттер жеринде көрүлөт.

Жалпысынан шайлоо күнү "Жалалабатэлектро" ААКнун 720 кызматкери күчөтүлгөн тартипте иштейт.

Эскерте кетсек 4-октябрь КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо өтөт.