Аталган айылда талапка туура келбеген, кийин курулган турак жайларга токойдун

ичи аркылуу зымдар тартылып калган, буга байланыштуу биздин компания тараптан

Арстанбап айыл өкмөтүнө жана тарткан жашоочуларга коопсуздук жагы боюнча  эскертүү

берилген. Аталган жердеги токойду аралаган үйлөр кийин түшкөн. Жаңгактар аркылуу

0,4 кВ аба чубалгыларды жергиликтүү эл өздөрү тартып алышкан. Жаңы конуштарды электрлештирүү

жергиликтүү бийлик тарабынан коюлушу керек.

Бирок, ага карабастан, Базар-Коргон район электр тармактар ишканасынын кызматкерлери

жалпысынан 13 даана жаңы мамыча  орнотуп, аба чубалгысын тартышты.

Жаңгак дарагына жабышкан электр чубалгылар толугу менен алынды.

Ошентсе да дагы жасай турган жумуштар бар болгондуктан, Башкы директор

Дурусбек Рахманов аталган айылга барып, айылды толугу менен аралап чыгып,

келерки жылда жасала турган тапшырмаларды Базар-Коргон район электр тармактар

ишканасына табыштады.  Үйлөрдүн короосунан аралап өткөн аба чубалгылар, жол

жээгине чыгарылат. Андан сырткары калган эски жыгач мамычалар жаңыланат жана

алмаштырууга муктаж болгон аба чубалгылар алмашат.

2016-жылдан баштап жыл сайын 0,5 чакырым аралыктагы эски мамычалар келбеттелип,

Чарбак айылынын башталышынан баштап алмаштырылууда.

Улачы участкасынан Бел-Терек айылына кеткен 24 даана жыгач мамычалар бар.

Бирок, айылга чыккан мамычалар ошол токойдун ичин аралап өткөндүктөн, оор

техникалардын жүрүүсүнө тоскоолдуктар көп.

Маалымат үчүн: 2019-жылы Бел-Терек айылынын ичиндеги 3,45 чакырым

узундуктагы 0,4 кВ аба чубалгысынын 0,5 км аралыгындагы жыгач мамычалар темир

бетон мамычага алмаштырылып, кайрадан калыбына келтирилген.

Бел-Терек айылын тейлеген 10кВ аба чубалгысы Чарбак айылынан башталып,

узундугу 8,26 чакырымды түзөт. Аталган электр аба чубалгысы 1967- жылы курулган.