Күз-кыш айларына карата даярдыктар облустун бардык аймактарында пландалган жумуштардын

негизинде уланууда.  Ноокен район электр тармактар ишканасы 240 абоненти бар Кара-Булак

айылындагы эскилиги жеткен жыгач мамычаларды жаңы бетон мамычаларга алмаштырды.

Аталган айылда 10 кВ чыңалуудагы 14 даана мамыча жаңыланып, 600 метр электр зымы

кайрадан калыбына келтирилди. 10 кВ Сары-Куш аба чубалгысы 1973-жылдары курулган.

Жыл башынан бери бул райондо  10 кВ 118даана , 0,4 кВ 220 даана жалпы 338 даана эски мамычалар жаңыланды.