Жыл башынан бери Сузак район электр тармактар ишканасы жарактуу мөөнөтү бүткөн

10 кВ 144 даана, 0,4 кВ 184 даана электр мамычаларды бетон мамычаларга жаңылады.

25 чакырым аба чубалгы жогорку сыйымдуулуктагы электр аба чубалгыларга алмаштырылды,

калган аба-чубалгылар кайрадан каылыбына келтирилди.

Андан сырткары, Алчалуу айылынан баштап Шатырак айылына чейинки аралыктагы

көчкү кооптуулугу бар жерлеринде жайгашкан, электр жабдуулардын ордуна 10 кВ

чыңалуудагы айланып өтүүчү аба-чубалгыларды куруп, аталган жерге 45 даана электр

мамычаларды орнотту жана  2 чакырым 100 метр аба чубалгы тартты. 

Кызыл-Туу айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Терек айылына 100 кВА, ал эми Кара-Дарыя

айыл округунун Чаңгыр-Таш айылына 160 кВА кубаттуулуктагы  эки даана жаңы

трансформатор орнотулду. Ошондой эле 5 даана трансформатордун кубаттуулугу жогорулатылды.

Учурда пландалган утурумдук жана капиталдык ондоп-түзөө жумуштары уланууда. Андан

сырткары электр зымдарына тоскоол болгон бак-дарактар буталды.

Булардын бардыгы күз-кыш айларына карата камылгалардын негизинде жана элди үзгүлтүксүз

электр энергиясы менен камсыздоо максатында ишке ашууда.