Бүгүнкү күндө маалыматсыз жашоо мүнөзүн элестетүү мүмкүн эмес. Ааламдашуу процессинде

ар бир убактыбыз болуп өткөн, болуп жаткан жана боло туруучу жаңылыктар менен коштолууда.

Мындай жагдайда  ММКнын иштөө принциби да жаңыланууну, өзгөрүүнү талап кылып, журналистиканын өнүгүүсүнө өбөлгө түзүүдө.
 Дүйнөнү маалымат башкарган ушул күндөрдө сиздердин эмгек артыкчылыктуу, маңыздуу жана негиздүү. 

7-ноябрь маалымат жана басма сөз күнү менен "Жалалабатэлектро" ачык акционердик коомунун жалпы

эмгек жамаатынын жана жеке өзүмдүн атымдан куттуктаймын! 

Биздин энергетика тутумуна сиздердин кошкон салым чоң экенин билебиз. Биздин компания менен

тыгыз иш алып барып, жасап жаткан жумуштарыбызды элге жеткирип, коомдук пикирди жаратып келесиздер.

Сиздерге узун-өмүр, бекем ден-соолук, үй-бүлөлүк бакыт каалаймын. Иштериңиздерди

ийгилик коштоп, элге ак кызмат өтөй беришиңиздерге тилектешмин.

*Сиздерди терең урматтап "Жалалабатэлектро" ААКнын башкы деректири*

*Дурусбек Рахманов*.