Күн сайын «Жалалабатэлектро» ачык акционердик коомунун кызматкерлери тарабынан техникалык

шарттарда жана келишимде көрсөтүлгөн пайдалануу тартибин сактоону көзөмөлдө үчүн, кечки 18:00дөн

баштап рейд жүрүп жатат.  Бүгүнкү күнгө чейин 1412 абонент текшерилип, айрымдарына

келишимде көрсөтүлгөн шарттарды бузбоого эскертүүлөр берилди.

 Келишимде, кечки 18:00дөн 21:00 гө,  эрте менен 08:00дөн 09:00 гө чейин, электр жабдууларга

жана тарамдарга кошумча күч келүүчү сааттарда, электр энергиясын жылытуу максатында колдонууга

чектөө киргизүү жагы ар бир керектөөчүгө милдеттендирилген.

Калкты үзгүлтүксүз, жетиштүү кубаттуулукта электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн,

 ар бир абоненттен техникалык шарттарда жана келишимде көрсөтүлгөн пайдалануу тартибин

сактоого ошондой эле электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга чакырабыз.

Урматтуу абоненттер туура түшүнүү менен кабыл алып, электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууну өтүнөбүз!